Панфиловдогу айыл өкмөттөрдө элдик жыйындар өтүп жатат

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 21, 2021 11:39

Панфиловдогу айыл өкмөттөрдө элдик жыйындар өтүп жатат

4 Панфилов районунун акиминин катышуусунда айыл аймактарда элдик жыйындар өтүп, социалдык көйгөйлөр талкууланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациянын социалдык саясат секторунун жетектөөчү адиси Фарида Абдылдаева билдирди.

Анын айтымында, райондо 6 айыл өкмөтү бар. Анда өтүлүп жаткан элдик жыйынга райондук мамлекеттик администрациянын, мекеме-уюмдардын, социалдык түзүмдөрдүн кызматкерлери, айыл өкмөттөрдүн башчылары жана жергиликтүү жашоочулар катышууда.

«Райондук мамлекеттик администрация айыл өкмөттөр менен биргеликте түзгөн иш-мерчемдеринин негизинде ар бир айыл аймакта элдик жыйындарды өткөрүүдө. Анда Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын жыйынтыктары айтылып, жетишкендиктер жана көйгөйлүү маселелер талкууланып жатат.

Райондун социалдык-экономикалык, саясий-маданий жактан өнүгүшүндө бир топ ийгиликтер жана объективдүү, субъективдүү себептерден улам көп жылдан бери топтолгон түйүндүү көйгөйлөр эл тарабынан көтөрүлүүдө. Мисалы, таза суу, жайыт, жол, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка коронавирус илдетинде ачыкталган социалдык көйгөйлөр айтылып, аны чечүүнүн приоритеттүү багыттары аныкталууда. Ар бир элдик жыйында райондун акими Эмир Аманкулов ички мүмкүнчүлүктөр толук кандуу иштеп, демөөрчүлөрдү тартуу аракеттери жүргүзүлүп жатканына токтолууда. Өзгөчө жаз алды менен көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери ыкчам аракетте колго алынып, айыл чарбасын өнүктүрүүгө басым жасала турганын белгилөөдө», — деди жетектөөчү адис.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 21, 2021 11:39

Приемная кампания 2020

Элдик медицина