Панфиловдо жаш балдар мушташтыбы?

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 21, 2019 11:27

Панфиловдо жаш балдар мушташтыбы?

10 Панфилов районунда жаш балдар арасындагы мушташка шектүүлөр кармалды. 2019-жылдын 16-июнь күнү болжол менен саат 01:50 чамасында Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, бир нече жашы жете  элек балдар ар кандай дене жаракаттары менен кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалыматтын негизинде Панфилов районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда ооруканага кайрылгандар аныкталган. Алар: 18 жаштагы К.А., 17 жаштагы А.Н., 17 жаштагы А.А., 18 жаштагы К.Н. жана 18 жаштагы А.С. аттуу Панфилов районунун Чалдовар айылынын тургундары болушкан.

Окуя 2019-жылдын 16-июнь күнү болжол менен саат 00:30 чамасында Панфилов районундагы айылдардын биринде жаш балдар арасында пикир келишпестик жаралып, алар уруша кетишкен. Анын натыйжасында бир нече бала денесине жаракат алганы маалым болгон.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык), 138-беренеси (Денеге атайлап оор залал келтирүү) боюнча катталып, тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо максатында, жогорудагы урушка катыштыгы бар деген балдардын баары Панфилов РИИБнө жеткирилип, териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Териштирүү учурунда бул окуянын уюштуруучулары делип 19 жаштагы Т.Б. жана Б.Д. аттуу балдар табылып, алар убактылуу кармоочу жайга камкка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 21, 2019 11:27

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина