Панфиловдо тынчтык митинг өтүп, аким алар менен жолугушту

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 21, 2021 12:50

Панфиловдо тынчтык митинг өтүп, аким алар менен жолугушту

8  Панфилов районунда тынчтык митинги өттү. Анда айрым жарандар камалган балдарын коргоп чыгышты.

Кечээ, 17-мартта саат 11:00дө райондук мамлекеттик администрациянын имаратынын алдына 50дөй адам топтолгон. Алардын кээ бири жеке социалдык маселелер менен келишсе, 5-6 адам райондук прокуратура, сот боюнча нааразычылык плакаттарды көтөрүп алышкан. Аларды саат 13:10дө райондун акими кабыл алды. Уюштуруучулар тарабынан көтөрүлүп жаткан маселеге тиешеси жок адамдар сыртка чыгарылды. Маселени кеңири талкуулоо максатында райондун акиминин сунушу менен акимчиликтин жыйындар жайына топтолушкан. Айрым тургундар балдары мыйзамсыз эле, жалган жалаа менен камалып жатканын айтып чыгышты.

Топтолгон жарандардын бири — Жайылма айылынын 40 жаштагы тургуну Аида Кадыркулова: «Мен Жайылма айылынын тургуну болом. Уулум 2016-жылдын октябрь айынан бери камалып отурат. Ал камалган учурда 18 жашта болчу. Аскерге да жөнөп жаткан. Үйдө элем. Укук коргоочулар келип, кармап кетишкен. Аны зордуктоо айыбы менен экспертиза, жактоочу жок эле 20 жылга камап салышкан. Ошондон бери камакта отурат. Жогорку сотко кайрылсак, жаңы жагдай боюнча 5 жылы кыскартылган», — деди.

Райондун акими Эмир Аманкулов катышуучуларды ыктымакка чакырды.

«Ырас, көйгөйлүү маселе боюнча топтолуп отурасыңар. Ал эми камалган балдар боюнча тийиштүү органдар тарабынан мыйзам чегинде чечим кабыл алынганы маалым. Биз соттун ишине кийлигише албайбыз жана андай укугубуз да жок. Ошондуктан ызы-чуу, провокация жаратпай, райондун стабилдүүлүгүн сактоо менен мыйзам талаасында гана иш алып баралы», — деди.

Ал эми райондун прокурорунун жардамчысы Азис Раимкулов: «Сөз болуп жаткан маселе мындан 10 жылдай мурун каралган. Ал боюнча өз кезегинде райондук, жогорку сот да чечим чыгарып, ал ишке чекит коюлган. Ал боюнча тергөө иштеринин документтери сакталуу. Бизде бардык иштер эспертизанын корутундусу каралып, жактоочунун катышуусу менен жүргүзүлөт. Албетте, ошол учурда күнөөсү аныкталып, мыйзам чегинде өз жазасын алган. Биз мыйзам талаасынан чыгып кете албайбыз. Ырас, кылмыш иштери далилдүү фактылар менен аныкталган соң, ким болсо да өз жазасын алууга тийиш. Мыйзам талабы ушундай», — деди.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 21, 2021 12:50

Приемная кампания 2020

Элдик медицина