Панфиловдо коронавирус жуктурган 576 адамдын ичинен 571 адам сакайып чыккан

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 31, 2021 13:47

Панфиловдо коронавирус жуктурган 576 адамдын ичинен 571 адам сакайып чыккан

10 Панфилов районунда өткөн 2020-жылдан бери COVID-19 инфекциясын 576 адам жуктуруп, андан 571 адам сакайып чыккан. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Жалил Абдыкалыков билдирди.

Анын айтымында, райондо коронавирус илдетинин алгачкы учуру 2020-жылдын июнь айында катталган.

«Кыргыз коомчулугунда 2020-жылдын март айында жугуштуу COVID-19 илдети таркай баштады. Албетте, дүйнө элин дүрбөлөңгө салган илдет качандыр бир мезгилде өлкөбүзгө таркай башташы да маалым эле. Ошондуктан, аймактарда алдын ала даярдыктар да көрүлө баштаган. Ал эми биздин райондо илдеттин алгачкы учуру өткөн 2020-жылдын июнь айында катталды. Ошол учурдан баштап анын жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу максатында күчөтүлгөн режимде иштер башталды. Ал эми ар бир айылдарда блокпосттор коюлду. Санитардык талаптар катуу көзөмөлгө алынды. Бирок коронавирустун тез жайылып кетүүсүнө бир топ объективдүү жана субъективдүү себептер болду. Алар кандай өзгөчөлүктөр эле?

Алгач эл айрым маалыматтарга таянуу менен толук түрдө түшүнбөдү. Дарылоо мекемелеринде материалдык-техникалык базанын начардыгы, дарыгерлердин жетишсиздиги коомчулукка жүзүн ачты. Мисалы, бизде бул илдет катталганга чейин тез жардам унаасы жок эле. Экинчиден, болгону 8 гана кычкылтек концентратор болгон. Мындай жетишсиздик илдеттин алдын алууда, ага каршы күрөшүүдө өзүнүн терс таасирин тийгизди.

Ооруган адамды жеткирүүдө унаа жалдап, ал жолдо бузулган күндөр өттү. Оор күндөрдү элдин биримдиги менен жеңдик десек болот. Бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин көмөгү менен 2 тез жардам унаалуу болдук. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги жана демөөрчүлөр тарабынан 65 кычкылтек концентратор алынып келди. Ошентип, 73 кычкылтек концентратор менен камсыздалдык. Мындай аракеттен улам райондо коронавирус жуктурган 576 адамдан 571 адам сакайып чыкты. Ал эми 2021-жылдын 26-февралынан ушул күнгө чейин ооругандар каттала элек. Буюрса, ушул жагдайды кармоого күрөшүп жатабыз», — деди директор.

Панфилов районунда 6 айыл аймак жана Кайыңды шаары бар. Анда 11 ФАП жана 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштеп жатат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 31, 2021 13:47

Приемная кампания 2020

Элдик медицина