Панфилов районундагы Нооруз майрамына карата алас айтылды

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 21, 2021 12:48

Панфилов районундагы Нооруз майрамына карата алас айтылды

14- Панфилов районундагы калкты тейлөө борборунда «Шайыр апалар» тобу Нооруз майрамына карата алас айтышып, ыр десте тартуулашты. Маалым болгондой, калкты тейлөө борбору Панфиловка айылында жайгашкан. Ал 2020-жылдын август айында ачылып, учурда 15тен ашуун кызматкер эмгектенет.

«Фрунзе айыл аймагындагы Чалдыбар айылынын «Шайыр апалар» тобу келип, бизди Нооруз майрамы менен куттуктап, алас айтып, ырдап да беришти. Ушул жылдын алгачкы сүмөлөгүнөн ооз тийдик», — деди борбордун жетекчиси Аскат Асаналиев.

Калкты тейлөө борбору заманбап жаңы технологиялар менен жабдылган. Борбор паспорт берүү, жарандык абалдын актыларын жазуу, каттоо, нике күбөлүгүн берүү жана кадастр ишмердүүлүгүн аткарат. Бул борборго көбүнчө Москва, Жайыл, Панфилов райондорунун жана Кара-Балта, Кайыңды шаарларынын тургундары келишет. Кардарларды тейлөөдө атайын жарандар маалымат бөлүмүнө кайрылышып, күтүү залынан электрондук кезекке турушат. Сүрөт тартуу акысыз жүргүзүлөт. Паспорт берүүнүн мөөнөтү 2 күндөн 12 күнгө чейин болот.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 21, 2021 12:48

Приемная кампания 2020

Элдик медицина