Панфилов районундагы ФАПтарга медкаражаттар келди

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 28, 2020 11:08

Панфилов районундагы ФАПтарга медкаражаттар келди

5 Чүйдүн Панфилов районунун Курама айыл аймагына караштуу Жайылма айылындагы ФАП 10 миң сомдук медициналык каражаттар, дары-дармек менен камсыздалды. Бул тууралуу айылдык ден соолук комитетинин мүчөсү Мыскал Алымбаева билдирди.

Анын айтымында, айылда ден соолук комитети түзүлгөн.

«Айылыбызда ден соолук комитети иштеп келет. Элдин социалдык маселелерин чечүүдө, ден соолугун чыңдоодо дайыма өз аракеттерин көрсөтүүдө. Өзгөчө коронавирус илдети эл катмарына жайыла баштаган күндөн бери анын да ишмердүүлүгү күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлө баштады. Эң негизгиси, элдин саламаттыгын сактоо керек. Айыл башчы Эдик Жапаров, А.Раимкулов атындагы Жайылма орто мектебинин директору Жаңылкан Ниязбекова жана айылдык ден соолук комитетинин төрайымы Марал Турсалиеванын демилгесин колдоп, айылдын ар бир жараны өз ыктыяры менен мүмкүнчүлүгүнө жараша жардамын берүүдө. Алар айылдык ден соолук комитети аркылуу 2 пульсоксиметр, «Азимотрицин», «Дексаметазон» жана башкаларды алып, ФАПка 10 миң сомдук жардам көрсөтүштү. Албетте, ушундай оор күндөрдө «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган биримдик» гана илдеттен арылтат. Элибиз «Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот» деп байыртадан биримдикке чакырык таштаган», — деди ал.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 28, 2020 11:08

Приемная кампания 2020

Элдик медицина