Ош шаарында баңги затка көз каранды 1472 жараан каттоодо турат

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 29, 2015 09:06

Ош шаарында  баңги затка көз каранды 1472 жараан каттоодо турат

9 28 май, Бишкек. Ош шаарынын жалпы коллегиялык жыйыны болуп, анда КРнын наркотикага каршы Программасын аткаруу боюнча маселеси каралды.

Жыйынга Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, калаадагы мекеме-ишкана жетекчилери шаар тургундары катышты.

Коллегияда Ош облустук наркологиялык борборунун директору Айгүл Садиеванын маалыматы боюнча, аталган борбордо Ош шаары боюнча 2014-жылы баңгизатка көз каранды болгон 1 463 оорулуу каттооодо турган.

“Анын ичинен ийне аркылуу баңгизатты колдонуучулардын саны 1302, анын ичинен аялдардын саны 84тү түзгөн. Ал эми 2015-жылдын биринчи кварталына баңгизатка көз каранды болгон тогуз оорулуу каттоого алынган жана жалпысынан баңгизатка болгон көз карандылык менен  1472 оорулуу катталган. Өкүнүчтүүсү, алардын дээрлик жарымы  20 жаштан 35 жашка чейинкилер”, — деди Садиева.

Мындан сырткары,  өткөн жылы өспүрүмдөр жана жаштар арасында уулуу заттарды жыттоо, баңгизаттарды чегүү жана ийне аркылуу колдонгондорду табуу максатында жашыруун анкета жүргүзүлүп, 10 миңге жакын өспүрүмдүн ичинен 115и же 27% өспүрүм «тобокел» тайпасына каттоого алынган жана өз убагында медико-психологиялык жардам көрсөтүлүп,   жашыруун кайрылган өспүрүмдөрдүн  ичинен уулуу заттарды  жыттоо жолу менен колдонгон 3 өспүрүм  диспансердик каттоого алынгандыгын кошумчалады башкы нарколог.

Бул маселе боюнча, акыркы кездери жаш өспүрүмдөр арасында наркотикалык заттарды колдонгондор көбөйүп жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди биринчи вице-мэр.

“Бул кезге чейин өспүрүмдөр арасында клей жыттоо дегени бар болсо азыр Спайс дегени пайда болуптур. Биз маани бербегенибиз менен булардын түбү эртең ийне менен наркозаттарды сайынууга алып барат. Ошондуктан ИДН, мугалимдер, ата-эне, ар бирибиз биргеликте чогуу иш алып барышыбыз керек. Наркологиялык борборунун кызматкерлери да качан гана наркотикалык заттарга көз каранды болгондо гана карабастан, алдын алуу иштерин алып барышсын”, — деди З. Аскаров.

Эсен Нурмамбетов, “Азияпресс”

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 29, 2015 09:06

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина