Ош шаардык кеңешине 27-мартта өтө турган шайлоого 13 партия катталды

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 17, 2016 14:38

Ош шаардык кеңешине 27-мартта өтө турган шайлоого 13 партия катталды

2 17 февраль, Бишкек. Ош шаардык кеңешиндеги депутаттарды шайлоого катышуучу партиялардын тизмеси аныкталды. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдижалил Муратовдун айтымында, керектүү документтерди маалында тапшыргандарга жол ачылды.
«Ош шаардык кеңешине депутаттыкка ат салышууга 13 партия каттоодон өттү. Арыздарды кабыл алуу 15-февраль күнү аяктаган. Партияларга коюлган талаптарды аткарган толук документтерин тапшырган 13 партия шайлоого катышууга уруксат алды.
Партиялардын талапкерлеринин тизмеси изилденип чыгып, 10 күндүн ичинде өздөрүнө жөнөтүлөт», — деди А.Муратов.
Тизме:
— «Күч биримдикте»;
— «Өнүгүү-Прогресс»;
— «Ата Мекен»;
— «Бир Бол»;
— «Кыргызстан»;
— «Республика-Ата Журт»
— «Мекеним Кыргызстан»;
— «Кыргызстан коммунисттер партиясы»;
— «Кыргызстан социал-демократтар партиясы»
— «Демократ»;
— «Ата Журт»;
— «Эмгек»;
— «Аалам».
Ош шаардык кеңешине шайлоого барууга 17 партия арыз менен кайрылган. Алардын ичинен 4 партия документтерин толук бербегенден улам шайлоого баруудан четтетилди.
Шаарда 25-февралдан тартып үгүт иштери башталат.

Салтанат Жакыпова, “Азияпресс”

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 17, 2016 14:38

Парламент

Элдик медицина