Орозо жана куттуу Рамазан айы башталды

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 7, 2019 17:42

Орозо жана куттуу Рамазан айы башталды

 3 Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратовго  кайрылганыбызда орозо тууралуу кеңири айтып берди.

Орозо – бул Алла Тааланын буйругун аткарып, анын ыраазылыгын табуу үчүн таң аткандан күн батканга чейин жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болуу аркылуу аткарылган ибадат.

Эң алгач орозо, намаз, зекет, кайыр-садака, зикир,  Куран окуу, жардамдашуу, конок күтүү сыяктуу ибадаттар жана жакшылык иштер менен көркүнө чыккан Рамазан айы береке-кутка толгон ай. Ал айлардын эң улуусу. Бул айда Алла Таала пенделерине чеги жок жакшылыктарын жаадырат. Күнөөлөрүнөн арылгысы келген пенделер үчүн кечиримдүүлүктүн эшиктерин кеңири ачат. Ийненин көзүнчөлүк жакшылыкка  тоодой сооп ыроолойт.

Орозонун сырлары

Убактылуу ырахаттардан баш тартып, түбөлүк жыргал жашоого Алла Таала өзү буюрган дал ушул орозо ибадаты аркылуу жетүүгө болот. Орозо кармаган момун-мусулман адам эртеден кечке чейин ибадат кылып жаткандыгын  жана напси менен күрөшүп жаткандыгын билиши керек.

Орозо бизди сынак жашоодо адамга эң керектүү «чечкиндүүлүк, сабырдуулук, туруктуулук, эрктүүлүк, топуктуулук, шүгүрчүлүк,  кайратмандык, напсинин азгырыгына алданбоо» сыяктуу касиеттерге тарбиялайт. Орозо – напсинин жеп-ичүүдөн, кумардан ары өтпөгөн түгүнбөс каалоолоруна каршы адамдын адамдык касиетин, ар-намысын, кадыр-баркын сактай турган улуу ибадат.

Орозо адамды ач калтырып, жыныстык канташтан алыс кармоо менен Жараткан Алланын чексиз жакшылыктарын кадыр-баркын сездирет. Ошону менен бирге кедей-кембагалдардын ал-абалын эске салып, аларга камкор мамиле жасоого шыктандырат. Шүгүр келтиргенди үйрөтөт. Орозо — бул жагынан коомдук жашоодогу көрө албастык, ичи тарлык, өчөшүү, кастык, душмадык сыяктуу терс сапаттардын алдын алуучу эң таасирлүү ибадат. Орозо жеке эле бизге эмес, бизден мурун жашап өткөн коомдорго да парз кылынган.

Исламда парз болуп эсептелген ибадаттардын ар бири жүрөктөгү ар кандай рухий илдеттерге өз-өзүнчө дары сыяктуу. Напсинин түгөнбөгөн каалоолору, дүйнөнүн миң кубулма кооздуктары, көңүл ачуунун ар кандай ыплас түрлөрү руханий жана заттык ооруларды пайда кылат. Ал үчүн алдын алуу жана сактануу зарыл. Коргонуунун эң таасирлүүсү орозо болуп эсептелет. Пенде үчүн эмне пайдалуу, эмне зыяндуу экенин эң жакшы билген Алла Таала орозону өзү буюрган.

Чынында эле орозо шыпаалыгы жагынан жана дүйнөдөгү жана организимдеги көптөгөн оорулар үчүн эң мыкты дармек. Ошол себептен ал Курандын тили менен айтканда, «саналуу гана күндөрдө» кармалат. Анткени, дары дайыма колдонулса ден соолук ага көнүп калат да эч кандай пайдасы болбойт. «Мен мындан кийинки өмүрүмдүн акырына чейин   орозо кармап өтөм!»  деген сахабасына Пайгамбарыбыз ушул себептен айткан.

Отуз күндөн аз кармалган орозо таасирсиз боло тургандыгын, ал эми кырк күндөн ашыкчасы көнүмүш адатка айланып, анык толук пайдасы болбой тургандыгын дарыгерлер да аныкташкан.

Орозо адамды белгилүү убакыт аралыгында жеп-ичүүдөн тыйылуу аркылуу эрктүүлүккө үйрөтөт. Ошондой  эле тамаксоолуктун кесепетинен пайда боло турган ооруларды алдын алат. Организмдеги бир жыл бою аралыксыз иштеген тамак сиңирүү системасы орозодо бир ай эс алат жана бул мезгилде семиз адамдар салмак ташташат.

Жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө, атургай жансыз сыяктуу көрүнгөн нерселерге назар салганыбызда алар да белгилүү мөөнөт аралыгында өздөрүнчө «орозо» кармагандыгын байкоого болот.

Биологиялык изилдөөлөр жырткыч жаныбарлар кар жааган кезде курсактарын тойгузуу үчүн эч нерсе таба алышпагандыгын көрсөткөн. Мунун натыйжасында бул жаныбарлар кышкысын уктап, жазга чейин орозо кармагандай болушат.

Бак-дарактар да ушундай. Кышкысын жалбырактарын күбүп уйкуга киришет. Жаз келип,  муздар эригенге чейин тамырына бир тамчы суу жетпейт. Жер жылый баштагандан тарта ооз ачкансып, кадимкидей жанданып, бүчүр байлайт.

Акыркы учурларда медицинада колдонула баштаган дарылоонун жаңы ыкмасы – өтүшүп кеткен (хроникалык) оорулар адамдын абалына жараша узун же кыска мөөнөттүү орозолор менен дарыланып келет.

Орозонун белгилүү бир айда кармалышы мусулмандардын биримдигин, ынтымагын жана тынчтыгын сактоо өңүтүнөн өзгөчө мааниге ээ. Жамаатташа жапатырмак жасалган иштер оңой болорун жакшы билебиз. Анын сыңарындай, куттуу Рамазан айында момун-мусулмандар жарык маанай менен жапатырмак орозо кармашат. Саналуу гана күндөр үчүн парз кылынган орозо саналуу гана күндөрдөн турган өмүрүбүздүн көркүнө көрк кошот.

Куттуу Рамазан айынын, мындан сырткары, жылдын бардык мезгилдерин басып өтүшүнүн да өзүнчө сыры бар. Ырас, Рамазан айы жылдын төрт мезгилиндеги ысык-суук, салкын, жылуу жана узун-кыска күндөрдүн баарына кезек-кезеги менен туш келет.  Ошентип  орозо белгилүү убакыт аралыгында ырахаты жылдан бардык күндөрүн өзгөчө береке-кутка бөлөйт. Бул жагдай орозо кармагандар үчүн да зор мааниге ээ. Чыныгы мусулмандар мындан сөз менен түшүндүрүп бере алгыс руханий ырахат алышат жана жылдын төрт мезгилинде орозо кармоо менен Алла Тааланын буйругуна ар дайым даяр экендигин далилдешет.

Алла Таала орозону Ыйык Курандын түшүрүлүүсүнө шүгүр келтирүү үчүн кармообузду талап кылгандай маани жатат бул аятта. Ал пенделерине ар дайым жеңилдикти гана каалагандыктан, орозону да жеңилдетип койгон. Алла Таала пенделерин эч качан оор абалда калтырган эмес. Аяттын акыркы бөлүгүндө орозодон алына турган сабакка көңүл бурулган. Тагыраак айтканда, адам баласы орозо кармоо аркылуу Алла Тааланын чексиз кудуретин жана эсепсиз жакшылыгын түшүнүп, ага эң жогорку деңгээлде шүгүр келтиргенди үйрөнөт.

Айтор, орозонун өзөк маани-маңызы жеп-ичүүдөн тыйылуу, утурумдук дүйнөнүн азгырыктарынан алыс болуу жана жүрөктү Алла Тааладан башка бүт нерседен тазалоо, эң жогорку руханий деңгээлге көтөрүлүү болуп эсептелет.

Орозонун артыкчылыгы

Мавляна Жалалуддин Руми мындай дейт:

«Адамдын эң негизги азыгы – бул Алланын нуру, ага кара курсакты ашыкча тойгузуу жарашпайт. Адамдын эң негизги азыгы – Алланын сүйүүсү жана парасаттуулук.

Адам негизи руханий азыгын унутуп, кара курсагын гана ойлоп калгандыгы үчүн бактысыз. Ал ошон үчүн эч нерсеге тойбой келет. Ашыкча ышкысынан жүзү саргарып, буттары титиреп, жүрөгү лакылдап согот. Ал «Түбөлүктүүлүктүн, бейпилдиктин азыгы кайда?!» деп  жаткан сыяктуу абалда болот.

Аз тамактануунун, айрыкча  ач болуп орозо кармоонун кайталангыс он пайдасы бар:

1) Ачка жүргөндө жүрөк бейпил, зээн курч абалда болуп, ал эми ток жүргөндө наадандык жана унутчаактык күч алат.

2) Ач жүргөндө жүрөк ийге келип жумшак болот да, дуба-ибадаттары ырахаттануу менен орундоого болот. Ал эми ток кезде жүрөк катуу болуп,   ибадаттардан эч кандай ырахат алынбайт.

3) Ач жүргөн кезде жан дүйнө сергип, адам кичи пейил болсо, ал эми ток жүргөндө текеберлик, бой көтөрүүчүлүк,  мактанчаактык сыяктуу жаман сапаттар күч алат.

4) Ач жүргөндө күнүмдүк нанына жетпеген кедей-кембагалдар, жарды-жалчылар, жетим-жесирлер эске түшөт. Ток кезде булардын эч бири эске келбейт.

5) Ачка кезде кумарлануу, дүүлүгүү сыяктуу напсилик сезимдер  дээрлик жоголот. Ал эми ток жүргөндө «нафсу аммара»  деген адамды дайыма жамандыкка жетелеген напси күчкө толот.

6) Ач жүргөн кезде дене-мүчө чыйрак, сергек абалда болот.  Ток кезде адамга уйку, ыкшоолук, жалкоолук сыяктуу сезимдер үстөмдүк кылат.

7) Ачка жүргөндө ибадаттарды аткаруу жеңил. Ал эми ток кезде жалкоолук күч алып, ибадаттарды аткаруу оор болот.

8) Аз-аздан тамактанып жүргөн кезде ден соолук чың болсо, ашыкча тоюуп жүргөндө ден соолук акырындык менен алсырап, ар кандай ооруларга чалдыгат.

9) Ачка жүргөндө адам өзүн жеңил сезсе, ток кезде ыкшоо тартып өзүн оор сезип калат.

10) Ач жүргөн кезде кайыр-садака берүү, кызмат кылуу абдан жеңил. Бул жакшылыктар кыямат  күндүн болуп көрбөгөндөй мээ кайнаткан ысык аптабында салкын көлөкө алдында болууга себепкер болот. Ал эми ток жүргөндө сараңдык, ысырапчылык сыяктуу жат сапаттар күч алат. Бул сапаттар адамды чоң  жоготууга учурата тургандыгы бышык.

Демек, ток жүрүү напсинин миң түркүн азгырык-каалоолорун жандандырса, ал эми ашыкча ачкалыктан алыс болуу менен бирге ач жүрүү адамдын ден соолугун чыңдап, акылын тунук абалда сактайт.

Орозо кармаган мусулман адам жүрөгүн напсинин түркүн азгырыктарынан алыс кармоого жан үрөшү кажет. Орозонун жеп-ичпөө сыяктуу сырткы шарттарын аткаруу менен гана чектелбей жана жан дүйнөсүн ушак, калп сөздөрдөн, көрө албастык, ичи  тарлык сыяктуу жат сапаттардан аруу сакташы керек.

Орозо – бул калкан. Араңардан орозо кармаган адам ал күнү жаман сөз сүйлөбөсүн жана (эч ким менен) урушпасын. Эгерде кимдир бирөө ага акаарат келтирсе же тийишсе «Мен орозомун»  десин.

Кыскасы, орозо рухтун эң даамдуу азыктарынын бири болуп эсептелет. Ал пенденин ден солугун чыңдоо менен бирге жан дүйнөсүн көркүнө чыгарат. Адал нерселерди дагы өтө аз колдонууга көндүрүү менен рухту бышырып жетилтет. Уруксат берилседа адал нерселерди өтө аз колдонгон адам шектүү нерселерден алыс болуп, арам нерселерге такыр жолобойт.

Орозодо эмнеге тыюу салынат

Мусулмандар ыйык деп эсептеген айда ооз бекиткендер эмнелерди жасабашы керек? Биздин гезитке Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов мындайча түшүндүрмө берди.

Ооз ачарга чейин атайылап тамак ичүүгө болбойт

Орозо башталганда алгач адам бир аз кыйналышы ыктымал, бирок эки-үч күндөн кийин организм көнүп кетет. Андыктан орозо кармаган адамдар курсагы ачып же суусап кетсе атайылап тамак ичип албашы керек. Ал эми оозу бек аялдар тамак жасап жатып тамактын тузун көрсө болот, бирок аны жутпаш керек. Унутуп же кокустан тамак жеп, суу ичип алып анан орозо экенин эстесе, дароо жеп жатканын токтотуп, орозосун уланта берсе болот.

Дары ичпейт, себеби дары баары бир ашказанга түшөт. Ал эми ооруп калган адам антибиотик дарыларын укол аркылуу алса орозосу бузулбайт. Дагы бир учур — азыктандыруучу витаминдерди сайдырганга болбойт. Себеби, андай витаминдер тамак катары эсептелет.

Чылым, кальян, насвайга уруксат берилбейт. Мындай учурда адамдын оозу ачылып калат. Орозо бир чети ушул сыяктуу жаман адаттардан арылууга да жардам берет.

Ооз толтура кусканга болбойт. Мындай учурда ал адамдын оозу ачылды деп эсептелип калат. Ал эми денеден, ооздон кан же ириң чыкса ооз ачылбайт.

Ушак айтып, жаңжалдашып, урушпаш керек. Орозо бир гана ашказандыкы эмес. Тилдин, көздүн, кулактын да орозосу болот. Бул ушак сөздөн, бирөөнү жамандоодон, урушуп, жаңжалдашуудан оолак болуу дегенди туюндурат. Ошондой эле орозо кармаган адам сөгүнүп, адам көңүлүн калтырган жаман сөз да айтуудан алыс болушу керек.

Тыюу салынган нерселерди карабаш керек. Көздүн орозосу ыплас нерселерди кароону тыят. Андыктан жаман нерселерди карабай, орозону бузуп албоого аракет кылыңыз.

Кулакка, мурунга суу киргизгенге болбойт. Орозо айы жай айына туш келип калгандыктан адам катуу ысып, оор жумуштарда иштесе сууга түшүп, жуунууга уруксат берилген. Бирок кулак менен мурунга суу киргизбеш керек.

 

Оозду атайылап бекитпей уктап калганга болбойт. Колдон келсе саарлыкка туруп, жакшы ниет, тилек менен ооз жабуу зарыл.

Тиш паста пайдаланганга болбойт. Ооз бек учурда тиш паста эмес мисвак (атайын дарактан тиш тазалоо үчүн алынган бутак — ред.) менен тазалаш керек. Бирок пастасы жок тиш щетка менен тазалоого уруксат. Тиш пастаны оозду жабаарда же ачкандан кийин колдонсоңуз болот.

Жыныстык катнаш болбойт. Ооз бек учурда жубайлар ортосунда кошулууга тыюу салынат. Ооз ачкандан ооз бекиткенге чейин жыныстык катнашка уруксат берилет, бирок сөзсүз гусул алып, андан соң ооз бекитүү зарыл.

Маектешкен Данияр ШАБДАНОВ 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 7, 2019 17:42

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина