Орокто болгон окуя же пикир келишпестиктен жаш балдар мушташты

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 12:17

Орокто болгон окуя же пикир келишпестиктен жаш балдар мушташты

14 Сокулук районунда өспүрүм жигиттер мушташты. Окуя 5-июнда саат 08:30 чамасында Орок айылындагы Айт намаздан кийин болгон. Окуянын күбөсү сабалган 2 жигит ооруканада экенин айтты. Жыйналып турган элдин арасынан атын айткысы келбеген мырза:

«Эртең менен Айт намазын окуп мечиттен тарап жатканда эки кыргыз жигитти бир топ түрк улутундагы жигиттер сабап жатышыптыр. Биз барып аларды ажыраштырдык. Эки жигит ооруканада деп уктук. Азыр айылдын жаштары чогулуп жатышат. Айылда жүздөй милиция кызматкерлери жүрүшөт», — деди ал.

Үч жигит кайым айтыша кетип, анын кесепетинен мушташ чыгып, 2002-жылы туулган А.Т. денесинен жаракат алган. Аларды ажыратуу үчүн ортого түшкөн бала дагы жаракат алып, ооруканага түшкөн.

«Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында мушташка катышкан жигиттердин өздүгү аныкталып, алар 1996-жылы туулган А.К. жана 2004-жылы туулган А.А. экени такталды. Учурда бардык жагдайларды аныктоо үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырма берилди. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат», — деп айтылат Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Орок айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, аталган балдар бул жолу экинчи ирет урушуп жатышат.

“Ушул жылдын кыш мезгилинде урушуп кетишкен. Анда дагы ата-энеси, жакындары жана айыл эли болуп жараштырганбыз. Бири биринин үстүнөн милицияга арыз да жазышкан. Ошону менен ынтымактуу болуп, тынчтанып калышкан. Эми бүгүн Айтта урушуп кетишиптир. Окуя Төмөнкү Орок айылындагы мечитте болду. Айт намазга 200дөй адам келген экен. Намаз бүткөн соң аталган жаш балдар ошол кыштагы окуяны эстеп, «сен биринчи арыз жазгансың» деп айтыша кетишиптир. Андан кийин мечиттин сыртына чыгып, мушташыптыр. Ал мечитте башка улуттун өкүлдөрү да бар экен. Алар ошол жерден арачалап калышкан. Азыр териштирүү иши жүрүп жатат. Биз учурда айыл аксакалдары, айыл өкмөт башчыбыз, депутаттар болуп бул жаш балдардын тирешин токтотууну сүйлөшөлү деп жатабыз. 15-16 жаштагы балдар. Каны кызуу, эч нерсени укпаган куракта болуп жатат», — деп билдиришти айыл өкмөттөн.

Жаш балдардын пикир келишпестиктен келип чыккан урушу саясатташып кетүүнү өз учурунда колго алып, Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов жана анын биринчи орун басары Элкинбек Аширбаев, Чүй облусунун ИИББнын начальниги Самат Курманкулов, Сокулук районунун райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда, ошол эле күнү 5-июнда Орок айылында жашаган кыргыз эли менен түрк элинин аксакалдары башында турган тургундардын элдешүүсү болду.

Жыйынтыгында кармалып кеткен 30га жакын жаран Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнөн чыгарылып, улуттар аралык араздашуу иштерин козутуу иштерин болтурбоого түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

6-июнь күнү жергиликтүү эл менен жолугушууга барган Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элкинбек Аширбаев: “Биз кечээ жергиликтүү калкты элдештирип койдук деп эле тим болбостон, бүгүн дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү чечтик. Учурда айыл тынч. Азыр дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Балдар чырлашып кетиптир, мындай иштерди саясатташтырбаш керек. Бардыгы биздин жарандар деди Э.Аширбаев.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 12:17

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина