Орловка шаарында заманбап оорукана ачылды
2020-жылында капиталдык оңдоо иштери аяктагандан кийин, Орловка шаардык ооруканасы бейтаптар үчүн эшигин ачты.
«Алтынкен» ЖЧКнын жетекчилиги оорукананын материалдык-техникалык базасын чыңдоого демөөрчүлүк жардам көрсөтүүнү чечти.
Ошентип, 16-ноябрда компания дарыгерлердин кийимдери үчүн беш шкафты жана он тумбочканы тапшырды.
«Алтынкен» ЖЧКсы Кемин районунун калкынын жыргалчылыгы үчүн мындай кайрымдуулук акцияларын уланта берет.