Он айдын ичинде “Северэлектро” ААК абоненттери электр энергияга болгон карызын 293 млн.сомго төмөндөтүштү…

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 26, 2018 11:21

Он айдын ичинде “Северэлектро” ААК абоненттери электр энергияга болгон карызын 293 млн.сомго төмөндөтүштү…

5 “Северэлектро” ААКнын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы биринчи ноябрга 493 млн. сомду түздү. Он айдын ичинде керектөөчүлөрдүн электр энергияга болгон дебитордук карызы 293,2 млн. сомго же 37,3 % төмөндөдү.

Карыздын 270,4 млн.сомго же 46 % төмөндөшү “калк” категориясында катталган.

Бюджеттик уюмдар карыздарын- 11,4 млн.сомго же 17 %;

айыл-чарба керектөөчүлөрү– 748,9 миң сомго же 16,4 %;

башка керектөөчүлөр – 10,7 млн.сомго же 12,9 % төмөндөтүшкөн.

“Өндүрүштүк объектилер” категориясында дебитордук карыздын кичине өсүшү байкалууда: 76,6 миң сомго же 0,2 % жогорулады.

Дебитордук карыздын төмөндөшү “Северэлектро” ААК тейлеген бардык аймактарда байкалууда. Тактап айтсак, бишкектиктер керектелген электр энергияга болгон карыздарын 141,3 млн. сомго (49 % га) азайтышты;

Чүй облусунун керетөөчүлөрү энергетиктерге болгон карыздарын 124,1 млн. сомго (32,1 % га) төмөндөтүштү;

Талас облусунун туругндары дебитордук карызын 27,8 млн. сомго (25 %га) төмөндөттү.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 26, 2018 11:21

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина