Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иш козголду

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 8, 2018 15:19

Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иш козголду

16 Чүй облусундагы Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысы жана айыл өкмөттөгү жоопкерчиликтүү кызматкерлерге карата кылмыш иши козголду. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда турак жай курууга жер тилкесин кезекти сактабай берүү фактысы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-2-берене (Кыргыз Республикасынын жер мыйзамын бузуу) менен козголгон кылмыш иш тиешелүү органдар тарабынан тергелип жатат.

Башкы прокуратуранын расмий билдирүүсүндө: «Айыл өкмөт башчысы М.К. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жер маселеси боюнча башкы адис Н.М. менен жооптуу катчы Л.Л.ге Э.А. аттуу жергиликтүү тургундун арызын кароону тапшырган.

Ал эми жер комиссиясы жер тилке алуу боюнча кезекте турган адамдардын тизмесине карабастан, айыл өкмөт башчы сунуштаган жашоочуга жер тилке берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу чечим кабыл алган. Андан кийин айыл өкмөт башчы кезекте турган адамдардын укугу бузулганы тууралуу билип туруп, Э.А. жазган арыздын негизинде Сары-Жон айылынан 528 чарчы метр жер берүү чечимин чыгарган», — деп айтылат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 8, 2018 15:19

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина