Нарындагы жол кырсыгынан 3 жүргүнчү мерт болду

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2018 12:16

Нарындагы жол кырсыгынан 3 жүргүнчү мерт болду

9 Нарын облусунун Кочкор районундагы унаа жолдо эки машине кагышып , анын кесепетинен 3 адам каза таап, 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

30-май күнү саат 20:40 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 250-чакырымында катталган. “Ауди 100” жана “Хонда Фит” үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 3 адам мерт кетип, 6 адам оор жаракат алган.

Жаракат алган адамдар облустук ооруканага жеткирилген. Каза болгон адамдар Кочкор райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына коюлду.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2018 12:16

Парламент

Элдик медицина