Нарында адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча отурум болду

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2018 12:14

Нарында адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча отурум болду

12018-жылдын 28-29-майындаКыргыз Рес публикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында Нарын облусундагы адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү Координациялык кеңешин түзүү иш отурумуөттү.

АндаНарын облусунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары  Касен Асизов Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын координатору Мадина СариеваКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Махабат Тынарбекова, Нарын облустук сотунун, облустук прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарын облусундагы башкармалыгынын, облустук ички иштер башкармалыгынын, Чек ара кызматынын 2025 аскер бөлүгүнүн, мамлекеттик бажы кызматынын, Нарын райондук социалдык өнүгүү  башкармалыгынын, үй-бүлөлүк медицина борборунун, облустук усулдук билим берүү борборунун, облустук телерадиоберуу кампаниясынын, жамааттык уюмдардын, КР Акыйкатчысынын Нарын облусундагы өкүлдөрү катышты.

Отурумду Нарын облусунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов алып барып, алгач 2017-жылда  өткөрүлгөн «Нарын облусундагы адамдарды сатууга каршы 100 күн» кампаниясынын жыйынтыгы  боюнча видео ролик көргөзүлдү.

4 сессиядан турган отурумда адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Нарын облусундагы жагдайды карап чыгууадамдарды сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук база: эл аралык ченемдик укуктар жана улуттук мыйзамдарпрактикалык сессиялар жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча облус денгээлиндеги биргелешкен иш чараларды иштеп чыгуу каралды.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын «Адамдарды сатууунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү» (№55, 17 март, 2005ж.) КР Мыйзамы жана КР Өкмөтүнүн адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программмасы менен бирге 2017-2020 жылдарга караштуу (№743, 15 ноябрь 2017ж) иш-чаралар пландарынын иш жүзүндө аткарылып жаткан жагдайлар боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле, адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча иштеп жаткан, жарандык коомдук уюмдардын жана жаштар уюмдарынын ишмердүүлүктөрү менен таанышуу өттү.

Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын координатору Мадина Сариева   «Адамдарды сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү: эл аралык ченемдик укуктар» боюнча баяндама жасап, дүйнө жүзүндөгү жана Кыргызстандагы адам сатуу фактылары жана статистика менен тааныштырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Махабат Тынарбековаадамдарды сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү улуттук ченемдик мыйзамдар жанаКоординациялык Кенештин Жобосунун долбоору менен тааныштырып, катышуучулар тарабынан талкуу жүрдү.

Практикалык сессияда КР Өкмөтүнүн адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программмасын жана 2017-2020 жылдарга караштуу (№743, 15 ноябрь 2017ж) иш- чаралар пландарынишке ашыруудагы көйгөйлөрүн, натыйжаларын, ишке ашырылбай калган учурдагы кесепеттерин, тоскоолдуктарды алдын алуу иш аракеттери талкуланды.

Төртүнчү сессиянын алкагында КР Өкмөтүнүн адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программмасын жана 2017-2020 жылдарга караштуу (№743, 15 ноябрь 2017ж) иш- чаралар пландарын облус денгээлинде биргелешип ишке ашыруу планын иштеп чыгуу жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү облустук Координациялык кеңешин түзүү иш кагаздары иштелип чыкты.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2018 12:14

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина