Нарын шаарына жол коопсуздугун алдын алуу үчүн тротуар куруу зарыл

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 12, 2015 08:35

Нарын шаарына жол коопсуздугун алдын алуу үчүн тротуар куруу зарыл

5 12 июнь, Бишкек. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында өкмөттүн алдына ушундай маселе койду.

Жыйында айтылган маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Бишкек-Торугарт жолунун курулушу Нарын шаарынын чыга беришиндеги Шаркыратма тилкесинде башталды. Бул тилкенин сол жагы жарча. Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар жол коопсуздугун эске алып, Бишкек-Торугарт жолунун бул тилкесине тротуарды кошо курууну суранып жатышат. Анткени, Шаркыратма аймагындагы жергиликтүү тургундар, айрыкча, чоң жол аркылуу шаардын башка аймактарына, окуучулар мектепке катташат. Тротуардын жоктугунан, тилекке каршы, бул аймактарда жол кырсыктары болуп келет.

«Эми жол асфальтталса унаалар дагы чоң ылдамдыкта жүрөөрү турган иш. Азыркы учурда бул аймактагы жолдун курулушу башталып жатканда долбоорго түзөтүү киргизип, тротуар, унаа ылдамдыгын азайтууну шарттаган атайын тосмолорду кошо куруп кетүү максатка ылайык”,- дей депутат.

 

Эсен Нурмамбетов, “Азияпресс”

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 12, 2015 08:35

Приемная кампания 2020

Элдик медицина