Наристенин денесине залал келтирген шектүү адам кармалды

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 25, 2019 10:16

Наристенин денесине залал келтирген шектүү адам кармалды

8 2018-жылдын 28-ноябрь күнү болжол менен саат 09:30 чамасында Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан 2016-жылы туулган Х.О. аттуу бөбөк оор абалда жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Болжол менен бөбөк денесине оор жаракат алган деген маалымат болгон. Дароо ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, жаш баланы акыркы мезгилде караган 32 жаштагы Панфилов районунун Каинды шаарынын жашоочусу Э.С. суралган. Ал жаш баланын апасы 42 жаштагы Х.Р. Россия Федерациясына жумуш издеп кеткенин айтып, өзүнүн үч баласы менен 2017-жылдан бери Панфилов районунун Каиңды шаарында туугандарынын үйүндө жашап жаткандыгын билдирген. Ал эми 2016-жылы туулган жаш баланы үсүбүздөгү жылдын ноябрь айында таштап апасы Россияга жумуш издеп кеткени маалым болгон. Ал эми жаш бала эки кабат керебеттен кулап денесине жаракат алган деп билдирген.

2018-жылдын 28-ноябрь күнү тез жардам кызматына Э.С. телефон чалып, ооруканага жеткиргенда бала оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын апасы баласынын ооруканага түшкөнүн угуп, кайра Кыргызстанга келген. Баланын абалы күндөн-күнгө оорлой бергендигине байланыштуу Бишкек шаарындагы балдар ооруканасына жеткирилип, андан кийин Эне жана балдарды коргоо Улуттук борборуна жаткырылып, баардык жардамдар көргөзүлгөн. Дарыгерлер колдон келген аракеттерин жасаганы менен 2018-жылдын 6-декабрь күнү болжол менен саат 06:30 чамасында наристе Х.О. эсине келбей жан берген.

Панфилов районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, наристе денесине алган  жаракатынан улам каза болгондугу аныкталган.

Бул кылмышка шектүү 32 жаштагы Э.С. Панфилов районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, Убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө иштери жүрүүдө
Данияр Шабданов

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 25, 2019 10:16

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина