Өнүгүүнүн модели болгон Чүй облусу бүт өлкөбүз үчүн локомотив

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 11:40

Өнүгүүнүн модели болгон Чүй облусу бүт өлкөбүз үчүн локомотив

9 Борбор шаарыбыз Бишкекти курчап турган Чүй облусунун өнөр жайы жакшы көрсөткүчтөрдү көздөй өсүп баратат. Бүгүн бүтүндөй өнөр жайды өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн баса белгилеген. Өнүккөн транспорттук инфраструктура бар, ири рынокторго жана кошуна өлкөлөргө чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк. «Чүй облусу аймактарды өнүктүрүүдө лидер болушу керек. Чүй облусу өнүгүүнүн модели жана бүт өлкөбүз  үчүн локомотив болооруна ишенем. Мында алтымыштан ашуун улуттардын өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашап жатышат. Сары — Өзөн –Чүй барыбызды батырып, бизди багып жатат»- деп баса айткан Сооронбай Жээнбеков. 2020 –жылы Чүй облусунун өнөр жай секторунда 75775,5 млн. сомго продукция өндүрүлгөн. 2020-жылы өнөр жай продукциясын 2019жылга салыштырмалуу, көлөмүнүн өсүшү төмөнкү түрлөрү боюнча белгиленген: кайра иштетүү өнөр жайы (70658,0 млн. сом) – 1,6 эсеге. Бул негизги металлдардын жана даяр металл буюмдарды өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү 2,0 эсеге, тазаланган мунайзатты өндүрүү эсебинен — 1,2 %га, жыгач, кагаз буюмдар –6,6%, тамак-аш азыктарын – 3,8 %га өсүшү менен шартталган.
Чүй облусу аймактарды өнүктүрүүдө лидер болушу керек

Региондор өнүкпөсө өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эмес. Тилекке каршы буга чейин мамлекеттин экономикалык саясаты региондордун өнүгүшүнө көмөк болгон эмес. Бюджеттик, салык, акча, насыя саясаты региондордун өзгөчөлүүлүгүн эске алган жок. Натыйжада бир райондо экинчисине караганда турмуш беш эссе жакшы болуп, ички жана тышкы миграция өстү. Ал региондорго карата мамлекеттик саясатты өзгөртүү мезгили келгенин, ошондуктан өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө көп көңүл бөлүнүнүп жатканын айткан. Чүй облусу боюнча 2020-жылы жеке ишкерлер тарабынан жаӊы 138 кичи жана орто ишканалар ачылып, 908 иш орун түзүлдү. 2020-жылда Чүй облустук өнүгүү фондунун каржылоосунда 29 долбоор 42,3 млн сомго жактырылып учурда айыл аймактарында тендер өткөрүү иштери аткарылууда. Чүй облусунда төмөнкү долбоорлор аткарылды:

  • Өнөр жай тармагы боюнча 1555,2 млн сомго 15 долбоор аткарылды.
  • Айыл чарба тармагы боюнча 100,2 млн. сомго 14 долбоор.
  • Кичи жана орто бизнес тармагыбоюнча 240,9 млн сомго

32 долбоор аткарылды.

  • Социалдык тармак 21 долбоор 290,4 млн. сомго аткарылды.
  • Дене тарбия жана маданият 5 долбоор 53,2 млн сомго аткарылды.
  • Инфраструктурасын өнүктүрүү 29,3 млн сомго 11 долбоор аткарылды.

Элеттин өнүккөнү өлкөнүн өнүккөнү

Чүй облусунун аймагында өндүрүлгөн айыл чарбасын сыртка экспорттоо өнүктү. Чүй облусунун жетекчилиги ишкер фермер, дыйкандарга бардык шарттарды түзүп берип жатат. Дыйкандар бир гана Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөргө эмес Европа дүйнөлүк сода тармактарына да чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Чүй облусундагы логистикалык борборлор мындай жакшы саамалыктардын ишке ашышына тепкич болуп турат.

Чүй облусу боюнча баардыгы 427,4 миӊ га айдоо жерлери бар. Анын ичинен 320,0 миӊ га сугат 107,4 миӊ га кайрак айдоо жер. 2018-жылдын түшүмүүчүн Чүй облусу боюнча баардыгы болуп 418847 га жерге айыл чарба өсүмдүктөрү себилди, булл былтыркы жылга салыштырмалуу 1271 га көп. Жалпы дан эгиндер 247878 га, анын ичинен буудай 110680 га, арпа 105633 га, сулуу 477 га, жүгөрү 30858 га. Кылкандуу дан эгиндердин ичинен буудайдын түшүмдүүлүгү 28,4 ц/га дүӊ жыйымы 314,3 миӊ тоннаны, арпанын түшүмдүүлүгү 26,7 ц/га, дүӊ жыйымы 281,6 миӊ тоннаны түздү. Ал эми кант кызылчасы 15717 га, май өсүмдүктөрү 9846 га, картошка 11219 га, жашылча 19872 га жана бахча өсүмдүктөрү 4035 га түзөт.

«Мамлекеттик саясатта жана күндөлүк турмушубузда регион, айыл деген түшүнүктөр активдүү пайдаланышы керек. Элет –биздин генофондубуз, үрп-адатыбыз жана каада-салттарыбыз, тарыхыбыз. Элеттин өнүккөнү өлкөнүн өнүккөнү»-деп кошумчалаган Жээнбеков.
Жолдор ремонттолуп жатканы кубандырат

Чүй облусунда ички жана тышкы жолдордун абалы начарлап, жол ортосундагы чуңкурлар, айылдарды бириктирген машина өтө алгыс баткактуу аң-дөңдөрдү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн быйылкы жылы бутага алынды. Чүй облусунун аймагында 12084, 4 чакырым жолдор бар. Бир гана Бишкек-Ош жолунда 9 авариялык коркунучтуу участоктор болгон. Жыл ичинде кайсы жолдор оңдоп-түзөлүп, капиталдык ремонттук долбоордо канча жолдор турганын «Бишкек-Ош» жана «Бишкек-Торугарт» жолдорунун жана айылдарды бириктирген жолдорунда ремонт иштери жүргүзүлдү. Айрыкча бүткүл республикалык масштабда элди ирээнжитип турган Кара-Балтадагы жол ремонттолуп калганы кубандырат.

2020-жылы автомобиль транспорту менен жүк ташуунун көлөмү 8729,7 миң тоннаны түзүп, былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 2,5 % га өстү. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү 93,7 млн адамды түзүп, былтыркы жылдын деңгээли менен салыштырганда 0,8%га өстү. Жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту мененташуу 927,6 млн. жүргүнчү-километрди түзгөн, же былтыркы жылга салыштырмалуу 100,8 % түздү.
Электр энергиясы

Электр энергияга облус боюнча 2020-жылга 3 456,1 млн.кВт.с лимит бекитилген. Дебитордук карыздын саны 200,0 млн сом болуп, өткөн жылдын ушул мезгилинде 209,5 млн сом же 9,5 млн.сомго азайды. Электр энергиясы үчүн бюджеттик мекеме-уюмдардын дебитордук карызы: республикалык бюджет боюнча – 19,1 млн. сом, жергиликтүү бюджет боюнча 17,1 млн. сомдутүздү.
Саламаттыкты сактоо

Чүй облусу боюнча 320 мекеме саламаттыкты сактоо боюнча кызматты көргөзөт. Облус боюнча 1261 дарыгер, 3059 орто билимдүү медициналык билими бар кызматкерлер эмгектенет. Чүй облусу боюнча 2020-жылы тейленген калктын саны – 994 083адам. 2018-жылы 15 467 бала төрөлгөн, төрөлүүнүнкөрсөткүчүкалктын 1000ине – 16,5. Калктын табигый өсүүсү 1000ге – 12,1. Учурда Чүй облусу боюнча саламаттыкты сактоо мекемелеринде 168 дарыгер жетишпейт (кардиолог, эндокринолог, педиатр, терапевт, акушер-гинеколог, инфекционист, офтальмолог, анестезиолог-рениаматолог, иммунолог, неонетологж.б.), аныничинен 10 дарыгер ооруларды алдын алуу санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна  (эпидемиолог, лаборант, дезинфекционист, энтомолог, иммунолог).
Мамлекеттик жөлөк пулдар жана иш менен камсыз кылуу

2020-жылы мамлекеттик социалдык жөлөк пул алуучулардын саны 16457 адамды түздү, өткөн жылга салыштырмалуу 209 адамга көбөйгөн. Мунун себеби, балдардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү менен туулгандыгы, миграциялык агымдын өсүшү. 2020-жылы балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул алуучулардын саны 1680 үй-бүлөнү түздү. 2020-жылдын башынан бери Чүй облусунун аймагында 27 102 чет өлкөлүк жарандар катталган, анын ичинен 1008 адам ишканаларда эмгектенет. Отчеттук мезгилде жумушсуз жарандарга жумушка орноштурууга көмөктөшүүгө багытталган практикалык чаралар ыраттуу түрдө аткарылды. 2020-жылы 5719 адам иш издөө үчүн каттоодо турат. Анын ичинен официалдуу жумушсуз статусун алгандардын саны 4468.
Жарандардын кайрылууларын кароо боюнча

 

Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына баардыгы болуп жарандардын 790 кат жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары келип түшкөн. Келип түшкөн кат жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын 790 кароого жиберилген, 4 кайрылуу көзөмөлдөн алынды: аныничинен -1 кайрылуу анонимдүү экендиги аныкталып, 3 – кайрылууну кароону токтотуу жөнүндө арыз ээлери кайрылгандыктан, алар көзөмөлдөн алынды. Көзөмөлгө алынган 786 кайрылуулардын ичинен мыйзам чектелген мөөнөтүндө каралгандары- 739, мөөнөтү бузу менен 8 кайрылууга жооп берилген, мөөнөтүн узартуу менен – 47 кайрылуу кат каралып, 39 –аткарууда турат.

 

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 11:40

Приемная кампания 2020

Элдик медицина