Мусулмандардын улуу күнүндө ислам дини жөнүндө

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 12:16

Мусулмандардын улуу күнүндө ислам дини жөнүндө

13 Мусулмандардын улуу күнү айт үч күнгө созулат. Ал эми Түркия, Араб мамлекеттеринде орозо күнү христиандардын  «рождествосу» сыяктуу  он чакты күнгө созулуп кетет экен. Эгемендүүлүк жылдары кыргыздар катуу христиандаштырусу байкалды. Ар кайсы сектанын өкүлдөрү элет жерин аралап кирип кетти. Мусулмандар коюлган көрдү христианга киришкендер үчүн бербейбиз дешкен талаш-артыштар чыкты. Совет маалында титулдук калктын христиандык динге кириши уят катары бааланса, акыркы жылдары протестанттык чиркөөлөрүнө өткөн кыргыздар көбөйө баштады. Христиандыкка өтүп кеткен кыргыздардын саны 15 миң адамды түзөт, балким андан да көптүр. Башкысы титулдук калктын өкүлдөрү ата-бабабыз туткан динде болгонубуз жакшы болмок. Акыркы мезгилде дин өкүлдөрүнүн саясатка кийлигише баштаганы ачык билине баштады. Дин өкүлдөрү Кыргызстандын башка жарандары сыяктуу эле шайлоого же шайланууга мыйзам боюнча укуктуу. Кыргызстандын көпчүлүгүн мусулмандар түзөт, бирок Конституция боюнча Кыргызстан светтик мамлекет. Дин мамлекеттен бөлүнгөн. Эгер диний мамлекет болгондо диндин мамлекеттик иштерге кийлигишүүсү туура эле болмок.

Кыргызстан — салттуу эмес диний агымдардын мекени эмес

Тарыхка кайрылсак совет мамлекети диндин идеологиялык душманы болуп эсептелген. Ал эмес Карл Маркс айткан трактовканы толук изилдебей туруп «Дин бул апийим» деген сөзүн бөлүп алып, динге каршы аянбаган согуш ачкан, нечендеген христиандык чиркөөлөрдүн, мусулмандардын мечиттеринин таш-талканы чыгып, коммунисттик адамзаттын жүрөгүндө илимий атеизм бекем орногон. СССРдин бырын-чырыны чыгып, коммунисттер партбосстор менен бирге изин сууткан соң бул мейкиндикте он беш мамлекет пайда болду. Эгемендүүлүккө колу жеткен Кыргызстанды биринчи президент Аскар Акаевдин динге абдан либералдуу бийлиги диний эркиндикти таңуулады. Коммунисттик доор учурунда жүрөктөрү атеизм деп тоңгондор тоңгон боюнча калды, ал эми совет маалында колдорун кенен жая алышпай, ошол эгемендүүлүк  учурда каптап келаткан жабыраган диний уюмдар кыргыз  элине дин менен кошо азаттык жана байлык алып келебиз дешип кыргыз элинин мээсине орношо баштаган. Чындыгында ошол учурда Кыргызстанга үстөмдүк кылып келген мусулмандар дин башкармалыгы өлкөдө жалган диндик агымдар жайылып кеткендигин айтып чыккан. Бирок ал кездеги президент Аскар Акаев динге ак көңүл жана либералдуу болуп, диндик агымдардын көбөйүшүнө эч тоскоолдук кылган эмес. Анткен менен ал деле коммунисттердин терисинен чыккан. Бул эң чоң катачылык болгон. Анткени майда-чүйдө секталар жаштардын аң-сезимине бүлүк салып, кара курсактын айынан башка сектага оогондордун да улам саны арбый баштаган. Кыргызстандын кыр-кырларында ата-энебиз тааныбаган башка секталар көрүнө баштаган. СССРдин кулашынан кийин христианчылыкка агылгандардын саны тездик менен өсө баштаган жана 90-жылдардын башында алардын саны 97ге жеткен. Кыргызстанга христианчылыктын келиши 1990-жылы Ташкентте диний окуу мекеменин ачылышы менен толукталган. Бирок, христиандардын биздин мамлекеттен сыртка агылуусу Кыргызстанда мусулмандардын санын көбөйткөн. Православдар Кыргызстанда мурунку кылымдарда эле жайыла баштаган. Православдар орус императорунун айыл чарбасын реформалоо саясатынан кийин көбөйө баштаган. Бул тарыхый процесс, себеби Кыргызстандын жери орус императорлору тарабынан бааланып,  жерлерге ээлик кылуу үчүн мыйзам жазышып дыйкандарын жөнөтүп турушкан.

Эгемендүүлүк колуна тийген Кыргызстанда салттуу эмес диний агымдардын өкүлдөрү да пайда болушуп өз катарларын толуктоо үчүн кыргыз жаштарын катарларына кошо баштайт. Кыргызстанда  бул диндик секталар качан пайда болгон? Кыргызстан 1940-жылдардын аягында Украина, Белорусия, Бессарабия жана Прибалтиканын батыш облустарындагы диний сектанттардын сүргүнгө айдаган жерине айланат. Алар менен кошо өлкөгө Иегованын күбөлөрү, бешондуктун кээ бир багыттары: евангелдик, мурашковчулар, бешондуктуктар да келишкен жана жергиликтүү баптисттер менен адвентисттердин катары толукталган. Бул сектанттар жаңы жерде өзүлөрүнүн ишеними менен жашоону улантышкан. Алар көп таасирди славян чөйрөсүндө жана алардын православ чиркөөсүнө карата тарата алышкан. Кыргызстанга депортациялануунун айынан бул жерде мурда белгисиз көптөгөн жаңы диний агымдар менен секталар пайда болгон. Бул мезгилде Кыргызстанга совет бийлиги келгенден кийин коммунисттик идеологияны, анын ичинен диндин жеткен душманы атеизмди жайылтуу күч алган. Бул идеология боюнча ислам, православ жана башка диндер башкы тоскоолдуктар деп аталышып, аларга ишеним кылгандар репрессияланышкан. Храмдарды жабуу 1919-жылдан тарта башталган, ал эми Сталин 1925-жылдан кийин күчүнө кирип бараткан  мечиттерди жана медреселерди массалык түрдө жаба баштаган. Протестанттык агым батыштык христиандык дининде — католицизмге каршы чыгуунун натыйжасында пайда болгон диний окуулардын жалпы аты ушуга каршы чет элдик миссиялары активдешкен Кыргызстандын айрым түндүк райондорунда жана Бишкек шаарында. Себеби бул аймактарда ислам дини кечирээк кирип бийик деңгээлге көтөрүлө алган эмес.

Кыргызстандагы провослав дининдегилер орус жана славян тилдеринде гана эмес кыргыз тилинде дагы сүйлөгөндү билиши керек. Анткени алар Кыргызстанда  жашашат. Кыргызстандагы православ кыргызстандык маданият менен сугарылган жана Украина, Греция, Сербия, Болгария, Румыния жана араб мамлекеттериндеги православиядан айырмаланат. Кыргызстандагы православдын жергиликтүү маданият менен сугарылгандыгы керек болсо азык-түлүк алууда дагы сезилет. Керек болсо, улуу литургиядан кийин азык-түлүк алууга бара жатканда дагы кыргыз тилин динчилдердин жадыбалдай жаттаганы билиниш керек.

Кыргызстан — бийлик алмаштыруучу полигон эмес

Кыргызстанда тышкы күчтөрдүн салымы тараза ташында абдан чоң күчкө айланды. Кыргыз Республикасы  чет элдиктер айткандай, бийлик алмаштыруучу полигон эмес. Чет элдик эксперттердин ойу боюнча мечитте намазга жыгылган же айт убагында айт намазга чогулган адамдарды бийликти көздөй буруп койсо, бизде бийлик алмашып кетиши толук мүмкүн. Кыргыздар байыртадан ислам динине баш койгон эл. Чынгызхандын тукумдары динди сакташкан эмес, ошондуктан кимиси кайсы дин болсо ошого кирип кетип, акыры анын кубаттуу мамлекети жок болду. Ал эми кыргыздар ислам дини Борбордук Азияга киргенден баштап ислам динине ык коюшкан. Байыртадан келаткан кыргыздын каада-салтын, теңирчилик ыйык ишенимин исламга бурушкан. Бирок акыркы мезгилде ислам дининде да жаңы түзүлгөн агымдар чыга баштады. Мусулмандардын радикалдуу ишмердигине айланган өлкөнүн түштүгүндө мусулмандык фундаментализм жана ваххабизм күч алууда. Кыргызстанда эмнеси болсо да дүрбөлөң туудургусу келишкен чет өлкөлүк миссионерлердин ишмердиктери Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүнүн ортосундагы айырманы күчөтүүгө түрткү болуп турат. Азыр дүйнөдө чындыгында диндер ортосундагы келишпестиктердин себебинен улам көп чатактар болуп жатат. Кээ бир чатактар саясатчылардын өз бийлик алмаштыруу теорияларынын ишке ашуусуна жардам берип жатат.

Чындыгында диндердин окуу, тарбия иштери эң жөнөкөй түзүлгөн. Бир дагы дин согушка чакырбайт, кечиримдүүлүккө чакырат.Чындыгы эле дүйнөдө чатакташууларга чакырган бир дагы дин жок. Эгер дин чыр- чатакка чакырса, анда мындай учурда бул дин эмес, бул динди терең түшүнгөндүк эмес. Исламдын «Куранын» же христиандардын «Инжилин» окуп көрүңүздөр, кайсы жеринде адилетсиздикке чакырып жатат? Батышта аздыр-көптүр кээ бир туура эмес түшүнүктөр бар, мисалы: «исламдык террористтер», «сунниттик террористтер» жана башка түшүнүктөр иштелип чыккан. Бирок бул жерде исламдын тиешеси жок. Диндин бул жерде такыр катыштыгы жок. Эртеби-кечпи ислам дини өзүн көрсөтүп келатат. Исламда тынчтыкка чакырган көп сүрөөлөр жана аяттар бар. Ислам динин жакшы окуган адам чыныгы тынчтыктын тили экенине ынанат. Мусулмандар бири-бири менен «салом алейкум» деп кайрылышат. Бул «тынчтык каалайм»  деген сөз, кайра тынчтык каалоо менен «алейку салам» деп жооп беришет.

 Дин  апийим, ашыкча пайдаланган адамдар ууланат

Коммунизм идеологдору динди апийим менен салыштырган. Чындыгы динди ашыкча пайдаланган киши, апийим сыяктуу диндин айлана-тегерегинен чыкпай калат. Ашыкча динди пайдаланган фанат динчилдер башкаларга да кол созо башташат. Биздин Кыргызстанда майда секталар менен катар мусулмандык фундаментализм жана ваххабизм күч алып баратканын белгиледик. Бул бир гана Кыргызстанда эмес дүйнөлүк тенденция. Ааламда глобалдаштыруу менен катар мусулмандаштыруу агымы жүрүп жатат. Азыркы жаштар бүгүнкү динчилдерге макул эмес, аларга ислам дининин согушчул мусулмандык фундаментализми керек. Ваххабизм да диний исламга салыштырмалуу өтө опурталдуу жол. Азыр араб мамлекеттеринде ИГИЛ сыяктуу мусулмандык фундаментализм жана ваххабизмге сугарылган  күчтөр пайда болду. Кыргызстандын жарандарынын Сирияга жихад үчүн барышыда оор маселелердин бири болгон. Азыркы учурда Кыргызстанда 2 миңден ашуун мечит иштейт. 1991-жылы алар 40тан аз болчу. Республикада 50дөн ашуун медресе, 1 ислам университети, 8 ислам институту иштейт. Алардын көп бөлүгү чет жактык демөөрчүлөрдүн эсебинен курулган. Кыргызстандык 1 миңге жакын студенттер Мисирдин, Түркиянын, Пакистандын, Сириянын, Иорданиянын, Ливандын, Марокконун, Алжирдин жана Кувейттин ислам окуу жайларында билим алышат. Ошто диний окуу мекемелеринин Ассоциациясы иштейт. Ош мамлекеттик университетине караштуу 2 теологиялык факультет жана алардын бири Бишкек шаарынын чет жагында. Деги эле башкы опурталдуу нерсе Борбордук Азияны ислам фундаментализми жана ваххабизми өз катарында көрүп, ал эмес мусулман мамлекеттеринде жаралган ийгиликтерин жайылткысы келишет. Учурда Борбордук Азияга бир тараптан АКШ башында турган Батыш, бир жагынан Кытай, ал эми дагы бир жагынан мусулмандык фундаментализм жана ваххабизм жанталашып турат. Арийне, Кыргызстан деги эле Борбордук Азия кылымдан узак бул аймакта өз үстөмдүгүн орноткон Орусия менен чынжырды биротоло үзүп кете элек. Орусия да бул аймактан чыга албасы чындык. Дал Орусиянын өзүндө мусулмандык фундаментализм жана ваххабизм күч алып, ислам маданияты гүлдөп жаткан учур. Ошондуктан бул аймактан сүрүлүп бараткан Орусия кайрадан Казакстандын «жакасынан бекем карманып» тырмышып турат. Эми Кыргызстан да өз «жакасын өзү карматканы» турат. Кыргызстан океандан алыс, Казакстан сыяктуу океандан жер сатып алган жокпуз. Тескерисинче, өз жерлерибизди кичирейтип кошуналарыбызга кең пейилдик менен берип келатабыз. Океандан алыс турган Кыргызстан үчүн учурда Орусия менен бир турушубуз прогрессивдүү көрүнүш. Башкаларга салыштырмалуу Орусия деле ислам маданиятын туу туткан өлкө эмеспи.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 12:16

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина