Москвада мекендештерин тоногон кыргызстандык кылмыштуу топ кармалды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 11, 2018 23:35

Москвада мекендештерин тоногон кыргызстандык кылмыштуу топ кармалды

6 Москва шаарында мекендештерин тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын февраль айынан тарта милициянын Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстандан келип ишкерлик менен алектенип жана башка жумуштарда иштегендерди криминалдык топтун мүчөсүбүз дегендер коркутуп акча алып жатат деген маалыматтар түшө баштаган. Өкүлчүлүк факты аныкталгандан кийин Москва шаарынын ички иштер башкармалыгына кайрылган.

Жыйынтыгында Нагорный району боюнча тергөө бөлүмү кылмыштуу топко Кылмыш жаза кодексинин “топтошуп алып зомбулук менен карактоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Андан соң Москва шаарында өткөн атайын иш-чара учурунда топтун мүчөлөрү кармалып, алардын ичинде 8 жаран Кыргызстандын тургуну экени аныкталган. Кармалгандардын ичинде эки жаран жогоруда айтылган кылмыштарга тиешеси бар экени белгилүү болду.

Алар ишкерден Көлбаевдин атынан келдик деп коркутуу менен 50 миң рубль алып, ай сайын ушунча көлөмдө төлөп туруусун талап кылышкан. Кылмышка шектүулөрдүн унаасын тинтүү учурунда ичинен бычак, темир таяктар алынган.

Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 11, 2018 23:35

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина