Москва районундагы кайсы мектептерде салттуу окутуу жүрүп жатат?

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 19, 2020 10:38

Москва районундагы кайсы мектептерде салттуу окутуу жүрүп жатат?

6Чүйдүн Москва районунда окутуу кадимки шартта жүрүп жаткан 19 жалпы билим берүүчү мекеме райондун кайсыл аймактарында жайгашкан? Бул суроого райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Наргиза Умарова жооп берди.

Анын айтымында, райондо 38 жалпы билим берүүчү мекеме бар. Бардык мектептерде 1-класстар 14-октябрдан, ал эми 2-6-класстын окуучулары 15-октябрдан тартып кадимки шартта окуп башташкан.

«Коомдук абалга, өзгөрүүлөргө байланыштуу окуу процесси онлайн жана кадимки шартта өткөрүлүп турууда. Тактап айтканда, окуу жылынын башынан кадимки шартта окуп жатышкан 1-класстын 2444 окуучусу коомдогу саясий кырдаалга байланыштуу онлайн окуп, кайрадан 14-октябрдан тартып кадимки шартта окуп башташты. Ал эми өткөн окуу жылында окутуунун онлайн режимине өтүшкөн окуучулардан 2-6-класстары 15-октябрдан баштап кадимки шартта окуп баштады. Албетте, бул иштер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштеп чыккан алгоритмдерди негиз тутуу менен райондук штаб, раймамадминистрация, билим берүү бөлүмү жана райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиодогиялык көзөмөлдөө бөлүмдөрүнүн биргелешкен чечимин жетекчиликке алуу менен жүзөгө ашырылды. Ошентип, 19 мектептин 2-6-класстарында кадимки шартта билим берилүүдө.

Алар төмөнкү аймактарда жайгашкан. Ак-Суу айыл аймагында: Ленин, Тилекмат, А.Жапаров, С.Бегалиева, С.Усубалиев, К.Артыкбаев жана Н.Бакиров атындагы мектептер; Претеченка айыл аймагында: М.Түгөлбаев жана Ш.Баялиев атындагы мектептер: Петровка айыл аймагында: И.Д.Черняховский атындагы орто мектебинин Кызыл-Туу филиалы; Александровка айыл аймагында: Октябрь, Беш-Көрүк мектептери; Беловодск айыл аймагында: А.Сыдыков атындагы мектеп; Чапаев айыл аймагында: Спартак, Красный-Пахарь мектептери. Сретенка айыл аймагында: Т.Арыков атындагы мектеп; Беш-Терек айыл аймагында: Беш-Терек мектеп; Кыз-Моло айыл аймагында: Целинный мектеп; Төлөк айыл аймагында: Бердигул мектебинде окуп жатышат. Аларда толук түрдө санитардык-гигиеналык эрежелер эске алынган. Дезинфекциялоо жумуштары жүргүзүлүп, коопсуздук эрежелер сакталууда», — деди ал.

Ал эми 7-11-класстын окуучулары окутуунун дистанттык форматында билим алуусун улантууда. Райондо 12 айыл аймагы бар.

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 19, 2020 10:38

Приемная кампания 2020

Элдик медицина