Москва районундагы дарыгерлердин мобилдик тобу күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 30, 2020 11:42

Москва районундагы дарыгерлердин мобилдик тобу күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

13 Москва районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун мобилдик тобу күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Калыйма Будайчиева билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 220 медициналык кызматкер эмгектенет. Райондун аймагында 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 19 ФАП иштейт. Учурда 3 мобилдик бригада аймактарды тейлөөдө.

«Биздин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы 3 мобилдик бригаданын иш-аракеттери СОVID-19 илдетине байланыштуу күчөтүлдү. Курамы: 1 жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгер, 1 дарыгер-эпидемиолог жана анын жардамчысы, 1 мобилдик тиркеме боюнча иш жүргүзүүчү атайын адистен турган курам ыкчам аракеттерди жүргүзүүдө. Алар өздүк коргоочу каражаттар, уюлдук байланыш, керектүү медициналык жабдуулар жана тез жардам унаасы менен камсыз болушкан. Эгерде коронавирус илдетине байланыштуу маалымат келип түшкөн болсо, так негизделген дарек боюнча ооруга шектелген жаранга тез жардам унаасы менен дароо жетип барышып, ар бир адис өзүнүн милдеттүү иштерин аткарышат. Ал жаран менен WhatsApp аркылуу байланыш түзүлүп, дарыгерлер күн сайын көзөмөлгө алып турушат. Ден соолугуна аралыктан байкоо салышат. Үй карантинде болгон учурда кеп-кеңештерин айтып, тыкыр көзөмөлдү күчөтүшөт. Мобилдик бригада медицина кызматкерлеринин бейтаптар менен болгон байланышын күчөтүп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ишин жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк ачты. Бул Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылындагы жаңы инновациялык катнаш технологияларынын бири. Анткени, калктын саламаттыгын сактоодогу дарыгер менен бейтап адамдын ортосунда түзүлгөн тез жана түз байланыш экенин баса белгилөө керек. Коомчулукта коронавирус илдетин жуктургандардын саны акыркы күндөрү өсүп жатканы белгилүү. Аны өздүк санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактабагандан, карантиндин шарттарынын, талаптарынын чегинен чыгып, тойлорду жана башка иштерди өткөрүп, көп эл топтолуп жаткандыктан ачыктоого болот. Аралыкты сактоо, бет кап тагынуу, дене табын текшерип туруу, көчөлөрдү, короону, турак үйлөрдү тез-тез дезинфекциялоо гана өзүнүн оң натыйжасын берет. Албетте, медицина кызматкерлери таңдан кечке, күнү-түнү ден соолук үчүн күрөшүүдө. Жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгерлер түшүндүрүү иштерин да аткарышууда», — деди ал.

Коронавирус илдетине каршы райондо биргелешип жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө К. Будайчиева: «Аткарылып жаткан ар бир жумуш өтө жооптуу. Бейтаптардын талабын канааттандыруу, аларды жогорку адистик чеберчиликте кароо-биздин милдетибиз. Кандай жооптуу иш болбосун чечкиндүү аракеттерге барууда райадминистрация, райондук штаб, райондук оорукана, ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен биргеликте ишмердүүлүгүбүздү аткарабыз. Учурда өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен райондук оорукананын айланасы, бөлмөлөрү тез-тез дезинфекцияланып жатат. Өзгөчө, оорукананын короосунда, бөлмөлөрдө бет капсыз жүрүүгө катуу тыюу салынды. Антисептик каражаттарын колдонуу адатка айланып бара жатат. Өздүк гигиена өлкөнүн саламаттыгын сактоого өбөлгө түзөт. Биз профилактикалык иштерди күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүгө көндүк», — деди.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 30, 2020 11:42

Приемная кампания 2020

Элдик медицина