Москва районундагы айылдарда көчөлөр тазаланып жатат
19-февралда Москва районунда тазалык күнү уюштурулуп, айлана-чөйрө иретке келтирилди. Бул тууралуу акимдин орун басары Жоомарт Нарботоев билдирди.
Маалым болгондой, райондо 12 айыл аймак бар.
«Районубузда тазалык күнүн өткөрдүк. Ар бир айылда борбордук жана кичи көчөлөр иретке келтирилүүдө. Албетте бул иш мындан ары уланат. Жакында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жумуштары колго алынып, жаңы көчөттөр отургузула баштайт», — деди ал.
Беловодск айыл өкмөтүнөн борбордук эс алуу жайы, айыл ичиндеги кичи көчөлөр тазаланып жаткандыгын айтышты.