Москва районунда оор кылмыштар ачылды

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 26, 2018 10:15

Москва районунда оор кылмыштар ачылды

3Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жана Москва районунун ички иштер бөлүмү тарабынан өзгөчө оор кылмыштардын бети ачылды

2018-жылдын 25-октябрь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө аймактык ооруканадан телфон чалуу болуп, эркек киши бычактан алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде  райондук ИИБдин ычам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, жабырлануучунун өздүгүн такташкан, ал Москва районунун 28 жаштагы тургуну П.Н. экендиги маалым болгон.

Териштирүү учурунда 25-октябрь күнү 28 жаштагы П.Н.дин үйүнө ошол айылда жашаган 4 киши келишип, бирге эс алууну сунушташып, Заря айылынын күн чыгыш тарабында жайгашкан талаага барышып,ичимдик ичишкен. Мас болуп калган учурда төртөөсү биригип, П.Н.ди ур-токмокко алышып, болжол менен балка менен бир нече жолу чаап, жабырлануучу эсин жоготуп жыгылган учурда аны арыка таштап, үстүн камыш менен жаап өлдү деген ой менен окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Жабырлануучу эсине келип, эптеп жолго жетип, өтүп бара жаткан унааны тосуп, аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул окуя Москва районунун ИИБнө катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (Денеге атайлап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин жыйынтыгында жогорудагы кылмыш дагы бир оор кылмыштын изин жашыруу максатында жасалгандыгы такталып, Чүй облусунун ИИББнын криминалдык милиция кызматкерлери да кылмыштын бетин ачуу үчүн биригишкен.

Криминалдык милиция кызматкерлери жана милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү тарабынан кылмышка шектүү жарандардын өздүгү аныкталып, алар Москва районунун жашоочулары  24 жаштагы К.Р., 25 жаштагы Б.Е., 38 жаштагы К.И. жана 40 жаштагы К.Н. аттуу жарандар экендиги такталган. Буга чейин уурулук, мал уурулук жана тоноочулук боюнча соттолгондугу маалым болгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү жарандар кармалышып, буга чейин жасаган киши өлтүрүнү моюндарына алышкан.

Жогорудагы жарандар 20-октябрь күнү бир кишини катуу сабап өлтүрүшүп, денесин өрттөп эртеси кылмышты жаап жашыруу максатында күйгөн денени ээн талаага алып чыгышып, жерге көмүп салышкан. Каза болгон жаран акыркы жолу жогорудагы төрт жаран менен жүргөнүн көргөн П.Н.ди да жок кылышып, кылмыштан кутулуу үчүн ушул жолго барышканын айтышкан. Бул окуя боюнча Москва районунун тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү жарандардын көрсөтмөсү боюнча талаада көмүлгөн жерден жансыз дене алынып, анын өздүгүн тактоо учурунда ал Москва районунун 33 жаштагы жашоочусу С.О. экендиги аныкталып, ал ноябрь айынан тарта дайынсыз жоголгондугу такталган. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери  жүргүзүлүүдө.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 26, 2018 10:15

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина