Москва районунда Нооруз майрамына сүмөлөк бышыруу башталды

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 13, 2020 11:06

Москва районунда Нооруз майрамына сүмөлөк бышыруу башталды

6 Илгертеден кыргыз элинде Нооруз майрамына карата сүмөлөк бышыруу салты эл арасында ынтымакка өбөлгө болуп келген. Бул салтты көп жылдан бери сактап келген Петровка айылынын тургуну Орунбү Эшматова жыл сайын сүмөлөк бышыруу үчүн буудайдын үрөнүн өндүрөт.

Сүмөлөктү  даярдоо буудайдын үрөнүн өндүрүүдөн башталат. Муну бир киши такай караш керек. Улам үрөн өскөн сайын жакшы тилек айтып, ниет кылып, Кудайдан жакшылыктарды сурап, аны убак-убагы менен сугарып туруш керек. Буудай ар кандай өсөт, мисалы, биздин буудай 5 күндүн ичинде өсүп чыкты. Биздин тилеген тилегибиз жергебизде тынчтык болуп, өлкөбүз байысын, — дейт Орунбү апа.

  • Гүлмира УБАКЕЕВА
Jeenalieva
By Jeenalieva Март 13, 2020 11:06

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина