Москва районунда комуз жумалыгы болуп өттү

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 14, 2020 00:22

Москва районунда комуз жумалыгы болуп өттү

4 -Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбековдун жарлыгы менен 9-сентябрь – комуз күнү деп белгиленип келет. Быйыл өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу бул күн чоң масштабда өткөрүлгөн жок. Бирок, ошондой болсо да комуз жумалыгы жарыяланып, Москва райондук борбордук китепканаларда, музыкалык балдар-өнөр мектептеринде комуз күүсү жаңырып, майрам белгиленди.

9-сентябрь күнү Петровка айылындагы музыкалык мектепте да комузга катышкан окуучулар отчеттук концерт беришип өз күйрмандарына ээ боло алышты. Аталган мектептин директору Гүлзат Абдылдаеванын билдирүүсүнө караганда күндөн күнгө комуз өнөрүн үйрөнүүнү каалагандардын саны көбөйүүдө. Андыктан ышкыбоз жаш комузчулардын концерты ары кызыктуу, ары шаңдуу болуп өттү. Жаш балдардын колунда комуз мукам үнүн чыгара ойноп жатты. Окуучулар белгилүү обончулардын татаал күүлөрүн дал өзүндөй кылып кылдаттык менен аткарышып жатышты.

Алардын мындай жетишкендиктери албетте, бул мектептин чыгармачыл жамаатына түздөн-түз байланыштуу. Бүгүнкү күндө Петровкалык музыкалык мектепте мугалимдер жетиштүү. Бардыгы жогорку билимдүү жана тажрыйбалуу, өз сабактарын берилип окутушкан, ар бир окуучунун талантын өстүрүүгө абдан аракет жасап, окуучуларга көп көңүл бурулуп турат. Ар бир комуз сабагынан берген мугалимдин классында ондон окуучу окушат. Буйруса, бул концерт чоң жетишкендиктерге ташталган алгачкы кадам десек болот.

Гульмира Убакеева

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 14, 2020 00:22

Приемная кампания 2020

Элдик медицина