Москва районунда карыларды Жаңы жыл майрамы менен куттукташты

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 5, 2021 12:11

Москва районунда карыларды Жаңы жыл майрамы менен куттукташты

2 Москва райондук администрациянын башчысы Мирлан Карагулов кирип келе жаткан жаңы 2021-жыл менен Москва районун эң кадырлуу жана көп жашаган кары-картаңдарын куттуктады. Карыларга белектер тапшырылып жана акчалай жардам көрсөтүлдү.

А. Капралова – Москва районунун тургуну. Быйыл 103 жашка чыкты. ªкмөт тарабынан ар дайым көңүл бурулуп, ошондой балдары да аны жакшы карашат. Ал эми 100 жаштагы З. Хихиза бүгүнкү күндө күүлүү-күчтүү жана 10 баласынын 53 небере-чөбөрөлөрүнүн көңү чордонунда. Ар дайым дүйнөдөгү болуп жаткан окуялардан кабардар болуп, кызыгуу менен сурап турат. Ошондой эле аким баш болгон коноктор 100 жаштагы Бадар Атамбекова апанын да үйүнө барып кайтышты. Бадал апанын  8 баласы, 32 небереси бар.

Чоң апалар акимге жана аны коштоп келишкен конокторго ыраазчылыктарын билдиришип, баталарын беришти.

 

 

Гүлмира УБАКЕЕВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 5, 2021 12:11

Приемная кампания 2020

Элдик медицина