Москва районунда үч мектеп салттуу окутууга өтүштү

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 14, 2020 00:27

Москва районунда үч мектеп салттуу окутууга өтүштү

9 Бүгүнкү күндө район аймагындагы эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул туурасында райондогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу боюнча Борборунун башкы дарыгери Р.Добулбаева билдирди. Бирок ошого карабастан дарыгерлер таажы вирусунун экинчи толкунуна туруштук берүү максатында ден соолуктарына көп көңүл бурууну эскертишет. Р. Добулбаеванын айтымында, бүгүнкү күндө район ичинде 4 киши инфекциялык ооруга каршы дарыланышууда, анын ичинен экөөсү райондук аймактык ооруканада дарыланып жатышат. Акыркы айда райондо таажы вирусу 9 кишиден аныкталган. Айта кетсек, оору башталгандан биринчи күндөн бери азыркы тапка чейин 245 киши бул ооруга чалдыгышкан, тилекке каршы алардын ичинен 5 киши кайтыш болушкан, ал эми 236 оорукчан сакайып чыгышкан.

— Бул оорунун азайганына карабастан, баары бир коргонуу чараларын көрүү керек. Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген прогноздоруна караганда азыркы тапта ооруну жуктуруп алуу коркунучу 0,8 % түзөт, башкача айтканда бул жугуштуу ооруу менен ооруган адамдан башка бир адамга оору жугат, же жукпайт деп айтканга болбойт, ошондой болсо да “сактанганды Кудай сактайт” деп эл ичинде айткандай, сак бололу, — дейт Р. Добулбаева.

Ошондой эле дарыгердин айтымында, жугуштуу оору менен ооругандардын саны азайгандыгына жана райондун аймагында эпимемиологиялык абалдын турукташкандыгына байланыштуу Кызыл-Туу, Аң-Арык жана Красный –Пахарь айылдарындагы мектептерде окутуунун салттык түрүндө жүргүшүнө уруксат берилген. Кошумчалай кетсек, аталган мектептердеги класстарда окуучулардын саны 20дан ашпайт. Ошондой эле окуучулардын санитардык эрежелерди кылдат сакташына бардык шарттар көрүлгөн.

Гульмира Убакеева

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 14, 2020 00:27

Приемная кампания 2020

Элдик медицина