Москва районунда 100 балага белек берилди
26-декабрда Чүйдүн Москва районунда 100 балага акимдин жаңы жылдык белеги берилди. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жоомарт Нарботоев билдирди.
«26-декабрда райондогу 100 балага акимдин жаңы жылдык белеги берилди. Ал 100 баланын курамы аз камсыз болгон үй-бүлөнүн 16, тоголок жетим 11, жарым жетим 41, көп балалуу үй-бүлөнүн 6, алдыңкы мектеп окуучулары 23 жана Баткен коогалаңына катышкан үй-бүлөнүн 3 балдарынан түзүлгөн. Райондун акиминин биринчи орун басарынын иш бөлмөсүнө чакан балаты коюп, ага балдарды чакырдык. Ага айыл аймактарынан 12 бала катышты. Райондун акими Мирлан Карагулов белекти өз колу менен тапшырып, балдарга ийгилик каалады. Ал эми калган балдарга жашаган жерине жеткирилди. 28-декабрдан баштап президенттин жана облус башчысынын жаңы жылдык белеги балдарга бериле баштайт», — деди райондун акиминин орун басары.