Москва району УлууЖеңиштин 74 жылдыгын белгилешти

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2019 12:16

Москва району УлууЖеңиштин 74 жылдыгын белгилешти

3 Жеңиш күнүнө арналган салтанат райондун борбордук аянтында өттү. Ага эмгектин ардагерлери, айылак сакалдары, жергиликтүү тургундар, райондук ички иштер бөлүмүнүн, аскер комиссариатынын, окуу-тарбиялоо мекемелеринин, маданият үйүнүн кызматкери жана башкалар катышты. Алгач райондун акими Өмүр Ногоев сөз сүйлөп, жалпы тургундарды Улуу Жеңиштин 74 жылдык майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле «Өлбөс полк» жүрүшү өткөрүлүп, жергиликтүүлөр өз ата-апаларынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. Мындан сырткары куралдуу күчтөрдүн, спорт чеберлеринин даярдыктары көрсөтүлдү. Борбордук эс алуу жайындагы жоокерлердин эстелигине гүл чамбарлар коюлуп, согушта курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду. Эстеликке гүл коюу аземинде ардагерлер сөз сүйлөшүп, мектеп окуучулары мекен жөнүндөгү ырларды көркөм окушту. Салтанаттын соңунда райондук маданият үйү тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2019 12:16

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина