Милицияга кол көтөргөн айдоочу

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 24, 2017 11:28

Милицияга кол көтөргөн айдоочу

images (1) 24 март, Бишкек. 15-март күнү саат 19:30 чамасында “Бишкек-Чалдовар” авто жолунда “Хонда СРВ” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кайгуул милициясын көрүп, башка жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратуу менен милиция кызматкерлерине баш ийбестен ылдамдыгын жогорулатып качкан.

Чүй областынын ИИББнын патрулдук милиция кызматкерлери качкан унаанын изине түшүшкөн. Автоунааны токтотуу боюнча бардык талаптарга баш ийбей кетип бараткан  “Хонда СРВ” үлгүсүндөгү автомашина “Фольксваген Туарег” унаасын сүзүп, андан ары 100 метр аралыкта бараткан жүргүнчү ташыган “Мерседес-Бенс-Спринтер” унаасын сүзүп токтогон. Кырсык болгондон кийин “Хонда СРВ”нын айдоочусу унаасын таштап из жашырып качып кетүүгө аракет жасаган, бирок патрулдук милиция кызматкери  милициянын лейтенанты С.Насирканов тарабынан айдоочуну кармоого чара көрүлүп, аны кармоо учурунда айдоочу бетон брусчаткасынын сыныгы менен С.Насиркановду башка чаап жиберген. Кызматкерге кол көтөргөн айдоочу Москва районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, спирт ичимдигин ичкендиги такталган. Ал Москва районунун 37 жаштагы жашоочусу С.А. аттуу жаран экендиги аныкталып, буга чейин сот жообуна тартылгандыгы маалым болгон.  Анын унаасы айып унаа токтотулуучу жайына жеткирилип, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Кармалган жаран Москва районунун ИИБнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 24, 2017 11:28

Парламент

Элдик медицина