Милиция ардагерлерине таазим

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 11:46

Милиция ардагерлерине таазим

РОВД 17 ноябрь, Бишкек. Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгында эмгеги сиңип, жигердүү кызмат ѳтѳп ардактуу эс алуудагы ардагерлерди райондук ички иштер бѳлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Р.Бектенбаев куттуктап , ИИМдин Ардак грамоталарын жана ведомстволук медалдарын тапшырды.

Учурдан пайдаланып Ички иштер министрлигинин ардагерлер кеңешинин тѳрагасы , милициянын полковниги Султанбек Жоошбаев менен маектештик.

-Адегенде ѳзүңүздүн  басып ѳткѳн ѳмүр жолуңуз тууралуу айтып ѳтсѳңүз…

— Мен Аламүдүн районуна караштуу  Арчалы айылынан болом. Мага милициянын полковниги, мамлекеттик коопсуздук кызматынын полковниги, аскердик кызматтын полковниги деген чиндер берилген. Акыркы кызматта ички аскердин кол башчысынын орун басары болуп иштеп 2004-жылы  эс алууга чыктым. Азыркы убакта ИИМдин  ардагерлер кеңешинин тѳрагасымын.Аламүдүн РИИБда 1981-жылдан 1993-жылга чейин инспекторлуктан баштап ички иштер бѳлүмүнүн башчылыгына чейин толук кандуу 14 жыл эмгектендим. Учурда Кыргызстанда 10000 ден ашык ИИМдин ардагерлери бар. Ошол ардагерлерди жетектеп келе жатам. Ар бир облуста жана райондордо ардагерлер кеңешинин тѳрагалары бар. Эгерде Советтер Союзу болуп турганда Советтик милицияга 100 жыл болмок. Россияда 1917-жылы 7-ноябрда биринчи жолу милиция уюшулган.Биз ошонун карамагында болгондуктан 1993-жылга чейин 10-ноябрды милиция күнү деп эсептеп келгенбиз.

-Кандай себептен  Кыргыз милициясы 1-ноябрда майрамын белгилеп калды жана эмне үчүн 93 жыл болду деп белгиленип жатат?

— Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы болуп түзүлгѳндѳ, 1-ноябрда Аумов аттуу милициянын башчысы отчет берген. Ошол күндѳн тарта 1-ноябрь расмий түрдѳ Кыргыз милициясынын күнү болуп белгиленип келет. Ошондон улам быйыл кыргыз милициясына 93 жыл толду.

-Кесиптеш милиция кызматкерлерине каалоо-тилектериңизди айта кетсеңиз…

- Менин айтарым биз ардагерлер  милиция менен элдин ортосундагы кѳпүрѳбүз. Эл менен жашап элдин мүдѳѳсүн жана милицияда иштеп милициянын мүдѳѳсүн биз гана билебиз. Милициянын түйшүгү оор. Ага карабай азыр ак ниет иштеген милиция кызматкерлери кѳп. Баардык милиция кызматкерлерине кааларым, иштерине чоң-чоң ийгиликтерди, үй-бүлѳлүк бакыт, чың ден- соолук жана кажыбас кайрат каалайм.

Аламүдүн райондук  ардагерлер кеңешинин  тѳрагасы, милициянын отставкадагы майору  Р.Үсенов дагы ой бѳлүшкѳн.

-Мен 1968-жылдан 1999-жылга чейин Аламүдүн райондук ички иштер бѳлүмүндѳ кызмат ѳтѳдүм. 2005-жылдан баштап Аламүдүн районунун ардагерлер кеңешинин тѳрагасымын. Бүгүнкү күндѳ Аламүдүн райондук  ички иштер бѳлүмүндѳ 81 ардагер учетто турат. Мына ушул ардагерлерге үйүнѳ барып ден соолугун сурап, алардын жашоосуна кѳз салып турабыз.

-Кесиптештериңизге айтаар каалоо тилегиңиз…

-Аламүдүн ички иштер бѳлүмүнүн ардагерлерине кам кѳргѳн РИИБнин жетекчилигине жана ѳздүк курамына терең ыраазычылыгымды билдирүү менен бирге иштерине ийгилик, ден соолук, үй-бүлѳсүн ынтымак,жергебизде тынчтык болушун кааламакчымын.

Аламүдүн райондук ички иштер бѳлүмүнүн ардагери, милициянын отставкадагы майору Кожомкулов Дамир Асановичти кепке тарттык.

-Өзүңүздүн басып ѳткѳн жолуңуз , кызмат ордуларыңыз тууралуу айтып берсеңиз…

-Аламүдүн райондук ички иштер бѳлүмүндѳ 1978- жылдан 1999-жылга чейин иштеп пенсияга кеттим. Кийин Аламүдүн районундагы Арчалы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болдум. 2005-жылы Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясында аппарат жетекчиси болуп эмгектендим.Ушундай эле кызматта Чүй облусунда  2010-жылы революциядан кийин бир ай убакыт иштеп кеттим. Ала-Арча эс алуу багында директор болдум. Андан кийин мамлекеттик имарат департаментинде иштедим.

- Кесиптештериңизге болгон каалоо-тилегиңиз…

— Милиция кызматкерлеринин  биринчиден чың ден соолук, узун ѳмүр, үй-бүлѳлүк бакыт, иштеринде ийгиликтер коштоп жүрсүн. Ар бир милиция кызматкерлерине үйүнѳ,  аман-соо кайтып келишин каалайм.

Айнура ЖАНЫШОВА

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 11:46

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина