Мэрия маршруттук таксилерде жүрүү акысын көтөрүүгө каршы эмес

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 14, 2019 11:40

Мэрия маршруттук таксилерде жүрүү акысын көтөрүүгө каршы эмес

3 -Мэрия маршруттук таксилерде жүрүү акысын 2 сомго көтөрүүгө каршы эмес. Бул туурасында 11-январда Шаардык транспорт башкармалыгында өткөн жүргүнчү ташуучу фирмалардын жетекчилери менен болгон жолугушууда айтылды.

Жыйында «АльянсБус» жүргүнчү ташуучулар Ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди маршруттук такси айдоочулары нааразычылык акциясын өткөрбөй турганын жана социалдык тармактарда мындай маалыматтарды кимдер таратып жатканын билбесин айтты.

«Биздин айдоочулар эч нерсени талап кылбай эле. Мен бул ушактар кайдан чыгып жатканын билбейм. Айтаарым, жол акысын көтөрүү көйгөйү бар, анткени, акыркы жолу тариф 2012-жылы көтөрүлгөн. Ал кезде күйүүчү май 30 сом эле, азыр 45 сом. Ал эми, айып пулдар бардык деңгээлде кабыл алынды жана ал мыйзам», -деди Николаиди.

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 14, 2019 11:40

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина