Менин мекенимде милициям мени коргойт

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 12, 2018 12:46

Менин мекенимде милициям мени коргойт

5 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ар дайым өз убагында ИИМдин аткарып жаткан өкүлдөрү республикалык басма сөз каражаттарынын өкүлдөрү үчүн өзүнүн орун басарынын, ИИМдин борбордук аппаратынын кызмат жетекчилеринин, башкы башкармалыктардын ошондой эле Бишкек шаардык жана Чүй облустук милиция башкармалыктарынын башчыларынын катышуусунда басма сөз конференциясын өткөрүп келет. Анткени, жакында эле болуп өткөн ИИМдин  коллегиясында алты айдын жыйынтыгы боюнча негизги маселелерди карап, андагы кемчиликтерди аныктап, аларды тез арада жоюу аракеттери боюнча бир катар тапшырмаларды берген. Ошондон улам ИИМдин коллегиясында каралган маселелерди , алты айдагы аткарылган иштер, алдыга коюлган тапшырмалар туурасында министр Кашкар Жунушалиев журналисттер үчүн басма сөз жыйынында кен ири маалымат берди.

Жарым жылдагы жетишкендиктер

Маалымат жыйынынын башталышында министр Кашкар Жунушалиев Ички иштер органдарынын кылмыштуу боюнча акыркы алты айда аткарылган иштерине кыскача токтолуп өттү. 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында 14339 кылмыш катталып, кылмыштарды иликтөө учурунда 12830 кылмыш иши козголгондугун жана өндүрүшкө түшкөн кылмыш иштери боюнча ички иштер органдарынын тергөө бөлүмдөрү тарабынан 8896 кылмыш иши иликтенип сотко жөнөтүлгөндүгүн, ошол эле убакта өткөн жылдардын жана 2018-жылдын жарым жыл ичиндеги кылмыш иштерин бетин ачылгандыгын министр Кашкар Жунушалиев баса белгиледи. Талдоонун негизги айта турган болсом үстүбүздөгү жылдын алты айында мурдагы жылга салыштырмалуу жол кырсыгы аз катталган. Ал эми уюшкан кылмыштуулук жөнүндө айта турган болсок, 151 уюшкан топтун мүчөсү милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Жыйынтыктап айтканда бул аткарылган иштер ички иштер органдарынын акыркы алты айда натыйжалуу иштегендигин тастыктап турат.

Милициядагы реформалоо иштери батыл жүрүүдө

Кашкар Астаканович Жунушалиев башка министрден айырмаланып ички иштер органдарындагы бүгүнкү күнгө чейин орун алган кемчиликтерди жаап- жашырбастан министр катары ачуу чындыкты ортого салып, коллегия мүчөлөрү менен бирге ийри олтуруп түз кеңешип калыс чечим кабыл алып, өкмөттүн мүчөсү катары ИИМ системасында көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн өкмөткө, парламентке алып чыгып, милициянын ишин илгерилетүү максатында ИИмдин иш планында бир катар актуалдуу иш-чараларды белгилеп, Ички иштер органдарындагы реформалоо иштерин батыл жүргүзүүгө киришип жатат.

Тактап айтканда министр Кашкар Жунушалиев президент С.Жээнбеков кол койгон Жарлыктарын, анын ичинде быйылкы жылдагы эң актуалдуусу болгон “Аймактарды өнүктүрүү жылы жөнүндөгү” Жарлыгын, коопсуздук кеңешинде Президент койгон тапшырмаларын, Жогорку кеңештин , өкмөттүн токтомдорун, анын ичинде Өкмөттүн “Ишеним, Биримдик, Жаратмандык” программасын Жүзөгө ашыруу максатында коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, аны алдын алуу багытында комплекстүү иш-чараларды жогорку деңгээлде жүзөгө ашыруунун үстүндө иш алып барууда. Эн оболу ички иштер органдарынын системасындагы реформалоо, милиция тутумундагы коррупцияны алдын алуу, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча кыска мөөнөттө аткара турган тапшырмаларды коюп, алардын аткарылышын жеке өзүнүн көзөмөлүнө алган.

Бүгүнкү күндө ИИМдин системасын реформалоонун алкагында борбордук аппараттагыларды кыскартып, бири-бирине көз карандысыз алты кызматтар ачылган. Кашкар Астаканович коомдук тартипти камсыздоодо жана кылмыштуулукту алдын алууда аймактык тескөөчүлүлөрдү жана жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоо инспекторлордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу керектигин эске алып, аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн санын көбөйтүү менен аларды аймактык тескөөчүлөрдүн таяныч пунктарына кошумча кылып жиберип, эл менен тыгыз иштөөнү күчөтүүдө. Ал эми Союз мезгилинде иштеп келген “дознания” кызматы кайра ачылып, кызматкерлерди окутуп, күзгө чейин кабыл алынмакчы.

Министр алдыга койгон негизги багыттар

Министр Кашкар Жунушалиев ИИМдин системасын реформалоо боюнча алдына төмөндөгүдөй алдыңкы төрт багытты белгилеп, ошонун алкагында иш алып барууда. Ток этер жерин айтсак, эн оболу биринчиден кылмыштуулук менен күрөшүү жана аны алдын алуу, коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо. Экинчиден элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу. Үчүнчүдөн коррупция менен күрөшүү, ички иштер органдарынын катарындагы абийирсиз кызматкерлерди тазалоо боюнча талаптарды кучөтүү. Төртүнчүдөн ички иштер органдарынын реформалоону өнүктүрүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү.

Мындан тышкары Кашкар Жунушалиев ИИмдин кызматкерлерине кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн ыкчам издөө, ыкчам тергөө боюнча жана жол коопсуздугун камсыз кылуу менен жол транспорттук кырсыктарын алдын алууга багытталган тиешелүү иш-чараларды ыкчам ишке ашыруу боюнча бир катар талаптарды койгон.

Министр жарандардан түшкөн арыздарды кайрылууларды катуу көзөмөлгө алат

Бүгунку күндө адамдардын көпчүлүгү арыз, кайрылуу, даттануу менен ИИМге кайрылышат. Себеби, кылмыш иштерин милиция иликтеп, тергеп, өзүнүн өндүрүшүндө жарандар кандайдыр бир жаралган көйгөйлөр же маселелер боюнча жазуу түрүндө арыз-дооматтарын ИИМдин жетекчилигине жолдоп жөнөтүшөт. Тактап айтканда ушул жылдын 6 ай ичинде Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине жарандардан 3796 арыз менен даттануулар келип түшкөн. Андан сырткары алты ай ичинде жалпысынан 1425 жаран Кыргыз Республикасынын ИИМнин жетекчилигинин жеке кабыл алууларында болгон. ИИМдин жетекчилигине келген арыздардын, кайрылуулардын жана даттануулардын көбү ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери, кылмыш ишине киришүүдөгү кемчиликтери, тергөөнүн жүрүшү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу текөөчүлөрдү, ички иштер органдарына жумушка орношуу жана мурунку кызматына кайрадан коюу боюнча келет. Мында түшкөн ар бир арыз даттануулар менен кайрылуулар мыйзамдын чегинде, өз убагында жана түзүлгөн тартипке ылайык каралат. Учурда жалпысынан алганда 2081 арыздар жана кайрылуулар министрдин жеке көзөмөлүнө алынган.

Тазалануу дайыма жүрүп турат

“Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген кыргыз элинин накыл кеби бекеринен айтылбаса керек.Анын сыңары айрым милиция кызматкерлеринин кесепетинен жалпы кыргыз милициясынын кадыр баркына доо кетүүдө. Милициянын формасын жамынып алып коррупциялык иштер менен алектенген жана мыйзам бузган кызматкерлерден арылуу максатында министр мындай фактыларды көз жаздымга калтырбай кечиктирилгис чараларды көрүү менен милициядагы тазалануу иштерин жүргузуп  келет. Тактап айтканда жакында болуп өткөн ИИМдин коллегиясында ички иштер органдарынын алты айичинде аткарган ишмердүүлугү кеңири талкууга алынып, жетекчилер тарабынан кетирилген кемчиликтери боюнча жалпы чечим кабыл алынган. Кызматтык тартипти одоно бузгандыгы же тартип бузуу жоругу жасаганлдыгы үчүн кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы жана коллегиясынын чечиминин негизинде ички иштер органындагы 92 жетекчи тартиптик жазага кириптер болуп анын ичинен 15 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулуп, 77 жетекчиге тартиптик жаза жарыяланып, 2 жетекчи ээлеген кызматынан тез арада ротацияланып1166 кызматтык тартипти ……. үчүн ар кандай тартип жазаларына кириптер болушту

Натыйжада 2018-жылдын жарым жылдыгында прокуратура органдарына шалаакылык менен кызматтан алынган жана мыйзам бузган кызматкерлердин устунон юридикалык баа бериш үчүн 557 материал жөнөтүлгөн.

Ошондуктан министр Кашкар атакаонвич Жунушалиев коллегияда бир катар жетекчилерге тогуз айдын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгу жетекчилик ишмердүүлүгүнө кайрадан кайрылып, ар бирине баа бериле тургандыгын эскертип, мыйзам менен тартип бузууну болтурбоо максатында алдын ала аткарылуучу иш чаралар боюнча чечкиндүү кадамдарга баруу жана ошол максатта талыкпай иштөөгө катуу талаптарды койду.

Элдин милицияга болгон ишеними жогорулайт

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кашкар Жунушалиев ИИМ системасын реформалоодо алдыга койгон негизги багыттарынын биринде элдин милицияга болгон ишенмин арттыруу эң башкы максаттарынын бири экендигин баса белгиледи. Азыркы мезгилде ИИМде элдин ишенимин артыруу боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө. Качан гана ички иштер органдарынын бардык кызматтарында кызматтык тартипти бекемдөө менен кесиптик жана күжүрмөн даярдыктан өткөрүү сыяктуу кадамдарды жасаганда гана милиция кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатып, кыймыштуулук менен татыктуу күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Ошондуктан Кашкар Атаканович “2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылында ” өлкөбүздө бардык аймактарын кыдырып элдин арыз-сунушун жолгушууларда учуп, көйгөйүн жеринен көрүп, аймактардагы кримогендик абал жаны жергиликтүү милициянын ыкчам иш жүргүзүүсүнө терең талкуу жасап, коомдук тартипти сактоонун жана кылмыштуулук менен курөшүүңүн сапаттык деңгээлин көтөрүү үчүн аймактык милиция бөлүмдөрүнүн жана милиция кызматкерлеринин социалдык көйгөйлүү маселелерин жеринен тез арада чечүүнү колдо алды. Анткени, ар кандай криминалдык коркунучтарга каршы күрөшүүдө укук бузууларды алдын алууда жана коомдук жайларда абалды көзөмөлдөө өздүк курамдын кызматтык деңгээлин жогорулатуу гана өздөрүнө тагылган кызматтык милдеттерди мыйзам чегинде так ыкчам аткарап барышат. Ошондо гана элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатып, милиция кызматкерлери жергиликтүү калк менен биргелешип иштей башташат. Ушул жагдайларга алып караган министр Кашкар Жунушалиев элдин милицияга көз карашын жакшы жагына өзгөртушөт жана милицияга болгон ишенимин бекемдөө максатында милиция кызматкерлерин окутуп-үйрөтүү тарбиялык маанидеги иштерди алып барууда. Анткени милиция ыкчамдыгы жагынан эч кимди алдыга чыгарбай, милиция кызматкерлери элдин алдында кесипкөй жана адамкерчилик жактан жогору критерийге ээ болушу абзел. Ички иштер министри Кашкар Астаканович Жунушалиев коомдук тартиптин сакчылыгында турган ар бир кызматкерге милициянын ишинин натыйжалуулугу элдин ишинин артырууга үчүн талап кылып келет. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өз сөзүндө баса белгилегендей ички иштер органдарынын реформалоону өнүктүрүүдө эң башкысы коомчулуктун ишенимине ээ болуу үчүн коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоочу тутумду түзүү керек. Ал үчүн бийликтин ар биринин бутагы менен кызматташып, жалпы коомчулук, жарандык институттар менен бирге башталган реформаны белгиленген программаларды жана долбоорлорду биргелешип иш жүзүндө ашыра баштаганда гана элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөөгө жардам берет. Жыйынтыктап айтканда бүгүнкү күндө милициянын кадыр баркы көтөрүүдө жана коомдук тартипти сактоодогу бардык ташырмаларды так жана акыйкат аткарууда А.Кашкар Астаканович Жунушалиевдин практикалык мыкты иш тажрыйбасы кызматтык принциптери жана тутугна багыттары жетиштүү деп айтууга толук негиз бар. Буюрса элдин милицияга болгон ишеними дагы артып, менин милициям мени коргойт деген чон ишенимдебиз.

Данияр ШАБДАНОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 12, 2018 12:46

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина