МЕН БИЛГЕН НАДЫРБЕК АЛЫМБЕКОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 11:20

МЕН БИЛГЕН НАДЫРБЕК АЛЫМБЕКОВ

4 МЕЗГИЛ ЖАНА ИНСАН

            Кезинде, мейли ыраактан болсо да биз көрүп-билип жүргөн тиги же бу киши туурасында азыноолак жылуу кеп кылууга келгенде сөзсүз түрдө тээ өткөн кезге, баарыбыз күчүбүздүн жетишинче кастарлаган өз жергебизге анын калтырып келаткан жандуу издерине дагы да миң толгоно кайрылат эмеспизби эс-тутум дегени кадимкидей күйүп-жанып. Адам баласына гана берилген мындай касиеттен кантип пайдаланбайын: мына, заматта өткөн кылымдын бизге көбүрөөк таасир калтырган, көп жаңылыктарга толгон сексенинчи жылдар эске түштү…

…Кара-Балта шаары, бир сөз менен айтканда күчүнө толуп турган кез: бир жагынан тоо-кен заводу (молибден), экинчи жагынан  кант заводу менен бүткүл союзга тез арада эле атагы чыга баштаган килем комбинаты республика экономикасынын бир ыптасын сезилерликтей чойгулап. Бул үч ишкана жергебиздеги эң алдыңкы дөө-шаа ишканалардын катарына кирип, алардын жетекчилерине да башкалардан өзгөрөөк, тагыраак айтканда, союздук мааниде мамиле жасалып турар эле. Биз, журналисттер өзүбүздүн терминибизди колдонуп, аларды “союздук деңгээлдеги киттер” деп койчубуз. Минтип кантип айтпайсың, маселен, алар союздук же республикалык болобу, депутаттык мандат алууга ат салышканда шаар менен бүтүндөй райондун кабырга-муундары качырап чыкчу сынып-сынбай, андан тыш жерлерге чейин таасири тийип.

Мындай наам, чыны, ошол чоң ишканалардай эле аттары бүтүндөй союзга таанымал үч жетекчиге тең куп жарашып турчу көбүнесе алардын аттарын алыстан угуп сыймыктансак, ал эми айрым учурда жанына барып учурашып, ар кыл маселелер туурасында кеп куруп калганда алардын эң жупуну, бирок кыраакы жана акылман экенин туюп, анан алар маекти тереңдете баштаганда алигидей сыймыктануучулук сезими кадимкидей ага-инилик маанай жаратып.

Республиканын жогорку жетекчилиги тарабынан Кара-Балта килем комбинатын түптөөгө жиберилип, анан курулушу бүткөрүлгөн соң ишкананын башкы директору болуп иштей баштаган Надырбек Алымбеков менен ошол кездерде таанышкам жана анан миңдеген адамдар, көбүнесе шаардын жаштары иштеген бул чоң заводдун бутуна туруу, торолуу, анан таңкалаарлыктай өнүгүп-өсүү маалы биздин көз алдыбызда өтүп жана так мына ошол Надырбек Алымбековдун аракет-жардамы менен атайын кесипке ээ болуу менен ал жерде иштеп,  ийгиликтерге жетип, заңгыраган жаңы үй-жайлуу болгон далай жаш тааныш-тунуштардын кубанычтары азыркы тапта да көз алдымда турат.

… Демейки күндөрдүн бири өтүп аткан. Редакцияда кагаз тиктеп олтургам. Бир маалда райондук чогулушка кеткен гезиттин ошондогу башкы редактору, Россиядан мында иштөөгө келген белгилүү журналист, чоң акын Николай Теплов  кабинетиме кирип эле:

— Билесиңби, бүгүн мен килем комбинатынын директору Надырбек Алымбеков менен тааныштым. Бир топко сүйлөшүп калдык. Мындай акылдуу, (ушул сөз абдан баса айтылган) терең билимдүү, сөзгө бай жана абдан сезимтал кишини көптөн бери жолуктура элек болчумун, сонун киши экен, — деп жиберди кичинекей көздөрүн күлүңдөтүп.

Мен негедир шашып:

— Ооба, мен да билем ал кишини, сүйлөшө калсаң, жандүйүмүң кадимкидей байый түшкөндөй болот кебин уккуң келип. Баса, ал киши ыр жазат деп да уккам, — деп жибердим токтолбой.

  • Муну мен да уккам , мындан ары ал киши менен бат-бат жолугушуп туралы экөөбүз тең, — деп коюп өзүнө кеткен.

Кийинчерээк Надырбек Алымбеков байке машинкага басылган он чакты барак ырларын алып  редакцияга келип калды. Негедир мен ошондо кырктан ашып калган мындай урматтуу адамдын жазгандарына эмес, өзүнө көбүрөөк көңүл буруп, дароо эле гезиттин ушул ишемби күнкү санына ырлары жарыяланарын айтып жибердим.

Ал да негедир шашылып:

  • Мен буларды карап чыгып, анан республикалык гезит-журналдардын бирине жибересизби дедим эле,.. — деди.
  • Жарайт, мен жакын арада Фрунзеге барганы жатам, “Кыргызстан маданияты” менен “Ала-Тоо” журналдарында тааныштар бар.

Надырбек байке негедир ыңгайсызданып:

  • Силерди убара кылбай ал жактарга мен өзүм эле алпарып берейин. Балким менин жазгандарым жарабай да калышы мүмкүн.

Мен ошондо гана:

— Бир аз күтө турсаңыз, мен бир аз карап берейин, — деп үстөлгө олтуруп, кагаздарга тигилдим куюлуштура жазылган жакшынакай, жөнөкөй, нускалуу ойлорго багына түшкөнүм менен бул жетекчиге бир нерсе айтайын деп келип кайра унчукпай калган.  40тан ашып калган атактуу өндүрүшчүгө, салабаттуулугу акылгөйлүккө жанашкан инсанга ийгилик каалап колумду сунуп тим болгон. Ошондо негедир чыгармачылыкка кечирээк аралашкан дүйнөлүк залкарлар эсиме түшүп, ошолорго теңелүү бизде кантип болсун деп турдум.

Болот экен: азыр ойлоп табуучулук сунуштар  боюнча СССРдин лауреаты жана Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу, мыкты өндүрүшчү катары бир нече орден-медалдарга жана наамдарга ээ болгон Надырбек Алымбеков кыргыз  Эл акыны, бир топ жылдары Улуттук Жазуучулар союзун да жетектеген. Ал өзү айтып калгандай кийинки жашоо-турмушу жалаң чыгармачылыктын гана үстүндө болуп, жараткан менен жаратылыш ыроологон шык-жөндөмүнөн жарлаган 25 китептин автору. Чыгармалары орус, англис, фарсы, казак, өзбек, түрк, тажик, уйгур, грузин жана азербайжан тилдерине которулуп,  аталган өлкөлөрдө китеп болуп чыгарылган. Атактуу обончу-композиторлор: Р.Абдыкадыров, К.Тагаев, М.Рыскулбеков, К.Эралиева, А.Жайнаков, С.Бактыгулов, М.Осмонов жана А.Бөдөшов өңдүү талант ээлери тарабынан 200гө чукул ырларына обондор жаратылып, эл арасында кеңири ырдалып жүрөт. Акындын эң көлөмдүү жана башкысы болгон Ыйык Курандын маанилеринин ыр түрүндөгү которомосуна беш жыл убакыт кеткен. Бул китеп 2011-жылы Москва шаарынан да басмадан чыккан. Азыркы тапта деле колунан калем түшпөй, ар бир кадамына, айткан сөзүнө, аткарган ишине, адамдарга жасаган мамилесине өтө жогорку баскычта ой жүгүртүп, “арманга барам бет ала, арга жок тура эч ага, нары жагы кандай билбеймин, Надырбек деле бечара” деп баягы жаш кезинде жазгандагыдай маанайын жоготпой миң толгонуп, тоолор менен талааларга өзүнө гана таандык издерин, оргуп аккан санааларда татына ырларын таасын калтырып, ыйык сүйүүсүн эл-жерине арнап келет. Арнай берет Жараткан ыроологон касиет-күч менен…

Бар болуңуз, Надырбек ага!

Жумакан САРИЕВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 11:20

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина