Мектеп окуучулар арасында жарандык коргоо маселеси биринчи орунда

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 11:51

Мектеп окуучулар арасында жарандык коргоо маселеси биринчи орунда

19 Москва райондук администрацияда жарандык коргоо боюнча жооптуу кызматкерлерге мектептерде өзгөчө кырдаал кандай эрже менен өтүлүүсү керектигин үйрөтүштү. Окутууда мектептерде жана бала бакчаларда жарандык коргонуу боюнча 40 жооптуу кызматкерлер катышышты.  Берилген маалыматты бышыктоо максатында Москва райондук өрт өчүрүү бөлүмүндө жарандык коргоо күнү болуп өттү. Катышуучуларга өрт өчүрүү кызматкерлери өзгөчө кырдаал учурунда өрт өчүрүүчүлөрдүн кылган иш-аракеттери менен тааныштырышты жана өрт өчүрүү бөлүмүнүн техникалары, керектүү каражаттары менен  таанышышты.  Баардык катышуучуларга “Кыргыз Республикасында мектептерде кырсыктын алдын алуу жана азайтуу боюнча көрсөтмө” таратылды. Мындан тышкары жарандык коргоо боюнча кырсыктын алдын алуу боюнча планды кандай түзүү керектиги түшүндүрүлүп, эң негизгиси гражданкык коргоо боюнча иш чараларды тез-тез өткөрүп туруу керектигин, тактап айтканда окуучуларга эвакуацияны кантип жүргүзүү керектигин туура түшүндүрүүнү эскертишти.

Кошумчалай кетсек, Москва районунун аймагында мектеп окуучуларынын арасында 25-сентябрдан 5-октябрга чейин МЧС кызматкерлери тарабынан ар кандай темадагы конкурстар болуп өткөн. Алардын жыйынтыгында  эң жакшы эссе жана сүрөт боюнча 1-орунду Биринчи Май орто мектебинин окуучусу Н. Маматова, 2-орунду Арбуду атындагы мектептин окуучусу М. Шалифу жана 3-орунду Ак-Суу орто мектебинин окуучусу Эркинбек уулу Руслан жеүип алышкан.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 11:51

Приемная кампания 2020

Элдик медицина