Матраимов тууралуу айтылган калпттар калпып чыга баштады

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 21, 2019 10:39

Матраимов тууралуу айтылган калпттар калпып чыга баштады

5 “Азаттыктын” журналистинин Кыргызстандан чыгарылып кетти делген акчаны бетме — бет кайым айтышууда “700 млн АКШ долларды Матраимовдордуку деп айткан эмесмин” дегени коомчулукту туура эмес ойго салды. Анда ким айтты? «Азаттыктын» журналистти Али Токтакунов өзүн коррупцияга каршы күрөшүүчү, бүгүнкү күндүн шери катары айткан сөзүнө туруш керек эле. Анда эмне Кыргызстандан чыгарылды деп, “Азаттык” кан-какшап улам-улам элдин чыңалуусун күчөтүп берип жаткан 700 млн. доллар тууралуу таратып жаткан маалыматтар жалганбы?  Же кимдир бирөөнүн кызыкчылыктары үчүн “Азаттык” иштеп жатабы?

“Азаттык” тууралуу азаптуу ойлор

Эмнеге “Азаттык” үн алгысы Матраимовдорго клейдей жабышкан бойдон чыкпай калды? Көрсө мунун тагдыры тереңде экен. “Азаттык” үн алгысы социалисттик идеологиянын, СССРдин эң башкы душманы болгон. Ал кезде “Азаттыкты” түптөгөн Азамат Алтай согушта чыккынчылык кылып Батышка өтүп кеткен деген кине коюп, аны угууга тыюу салынган. Эгемендүүлүккө кыргыз эли жеткен соң, “Азаттыкта” Салижан Жигитов өңдүү алдыңкы интеллигенция өкүлдөрү “Азаттык” үн алгысына чогулуп калыстык ойлорун айтып турчу. “Азаттыкта” кыргыздын калыс, таасын, күчтүү журналисттери орун-очок ала баштаган. Арийне, “Азаттыктын” башкы позициясы караламан калкты бүгүнкү дүйнөдөгү маалымат менен камсыз кылып, улуттук маданиятты, адабиятты көтөрүү болгону менен, кээ бир жерде кимдир бирөөлөрдүн буюртмасы аркалуу ушактар менен ашмалтайын чыгара каралап, маскаралап жалган маалымат менен иштеген кесиптештерибиз бар экен. Эмне үчүн “Азаттык” үн алгысы мындай кесиптештерибиздин “калпына” басым жасап жатат? Анткени, бүгүнкү коомчулукта көптөгөн маалымат булактарынын ичинен ар кайсы саясатчылардын амбициясына көз каранды “Апрель” телеканалы сыяктуу маалымат булактары жамгырдан кийинки козу карындай жыбырай баштады. Аларга салыштырмалуу өзүнө 2имидж2 топтоп калган, АКШ Конгресси тарабынан каржыланып Батыштын акчасы менен “жан сактап” келаткан “Азаттык” үн алгысы ар кимди “кара пиар”кылып  “саргыч прессага” айланбастан, эң башкысы маалыматты тактап алышы керек эле.

Эгерде маалымат так болбой Токтакунов Али сыяктуу алаңдап, “Азаттык” үн алгысынан: “Раим Матраимов 700 миллион долларды чыгарып кеткен” деген маалыматты эл-журтка таратып, ал эми чындык үчүн бетме-бет чыккан адамдардын алдына барып : “700 млн АКШ долларды Матраимовдордуку деп айткан эмесмин” –деп өз жазгандарын өзү калпка чыгарып жатса, анда “Азаттык” үн алгысынын баркы көтөрүлөбү? “Азаттык” үн алгысы калптын булагына айланбаш керек. Запкы тарткан тарап мындай калпты жокко чыгарыш үчүн эки сөздү сүйлөгөн Али Токтакуновдун эки тасмасынын көчүрмөсүн алып түздөн –түз АКШнын Кыргызстандагы элчилигине кайрылууга тийиш. Элчилик жооп бериш керек, эмне үчүн алар АКШ Конгресси каржылаган “Азаттык” үн алгысы жанын үрөп калп айтып жатат?

Балким, алар кимдир бирөөлөрдүн саясий буюртмасын аткарып жаткандыр? Анда кимдин саясий буюртмасын аткарат?  Эмнегедир акыркы мезгилде Түндүк-Түштүк көйгөйү улам-улам козголуп жаткандай. Атамбаев Убактылуу Өкмөт менен бийлик башына төрайым орунбасары жана премьер-министр, президент болуп келгени “Азаттык” үн алгысынын башында кайсы аймактын кулуну келатат? Кубат Оторбаев, Султан Жумагулов, Султан Каназаров, Айзада Касымалиева жана буларды Прагада көз салып турган “Азаттык” үн алгысынын кожоюну, жакында ал кызматынан жогорулаган Венера Жуматаева бары бир аймактын кулундары болуп келатат. 2010-жылдан баштап Атамбаевдин бийлиги бүткөнгө чейин “Азаттык” үн алгысы бийликтин маалыматы сыяктуу, бийликке жамынып, калыстыгынан тайып келатканынын себеби ушул. “Азаттык” үн алгысынын көрүнбөгөн кожоюну, орусча айтканда “серый кардиналы” Атамбаевдин учурунда КТРК менен “Азаттык” үн алгысында продюссер болуп, булардын иш-аракеттерине “өмүр боюу” көз салып келаткан Өмүрбек Сатаев да ушул эле аймактын кулуну. Эмне үчүн ал “Азаттык” үн алгысынын чуулгандуу иш-аракеттерине көз салып келатат? Себеби, Өмүрбек Сатаев мындай зор кызматты аткарып жубайын теңсинбей, жаш кыздар менен оюн-зоок куруп жүргөнү менен, ага үч мончоктой уул-кыз төрөп берген жубайы Фарид Ниязовдун карындашы. Мына коррупция деген ушул жакта жыттанып тургандай,  Фарид Ниязов өз күйөө баласына маалымат майданын тейлетип коюп, мыйыгынан жылмайып кенен чалчактап жүрөт. Бийликтин “эки тизгин, бир чылбырын” өзү жетектеп турганда Фарид мырза “Азаттык” үн алгысынын жетекчилерине сый көрсөтүп, сырттан келген конокторун мамлекеттик деңгээлде тосуп алып, бийликке чаң жугуздурбай жүрдү. Эми Фарид Ниязов бийликке каршы күчтөрдүн маалыматынын ана башы болуп калды. “Азаттык” үн алгысынын журналисти Али Токтакуновго жалган маалыматты күйөө баласы аркылуу чыгартып коюу мүмкүндүгү бар. Арийне, “Калптын казаны кайнабайт” –дейт алгачкы беттешүүдө эле Али Токтакунов “700 млн АКШ долларды Матраимовдордуку деп айткан эмесмин” деп чалкасынан кетип “сынып” берди. Анда эмне Өмүрбек Сатаев жаздыбы?

Матраимов чындыкты тактагысы келет

“Жакшыны кеп ээрчийт, жаманды чөп“ ээрчийт дейт. Раим Матраимовду саясий жана журналисттик чөйрө көптөн бери билет, анткени ал Ош бажысын жетектеп турганда эле калыстыгы менен эл оозуна алынып калган. Анын мамлекеттик деңгээлде кызматка келишине Алмазбек Атамбаев себепкер болгон. Бүгүн чакчыгайдай болуп чакылдап Темир Аргенбаевич, Матраимов мен өкмөт башчысы кезде Бажы кызматынын башчысынын орун басары болгон деп турат. Эгер Сариев туурасын айтса балким ал президент Атамбаевдин өтүнүчүн аткаргандыр, балким коррупция менен күрөшүп, Бажы төлөмдөрүн көбөйтүү аркылуу Мамлекеттик бюджетке акча толтурган Раим Матраимовдун келишин Атамбаев жактырган эместир.

Эмнеси болсо да 2015 –жылдан 2017 – жылдарга чейин Бажы кызматында орун басар болуп, Бажы кызматындагы көмүскө кетип жаткан акча каражаттарын “кан буугандай” тыйып, биздин бюджетибиздеги Бажы боюнча коюлган тапшырылган пландар ашыгы менен аткарып турган Матраимов болгон. Кыргызстандын ар бир жараны президент сыяктуу эле укугу бирдей . Машинасын кайсы жерге токтотсо укугу бирдей. Түшүнүксүз нерсе Атамбаевдин кызы машинасын токтото турган болсо, башка жарандар ордун бошото коюш керекпи? Матраимовдун жакындары Атамбаевдин кызынын кыялына каршы иш кылган, ордун бошотпой койгон. Ошол үчүн Матраимов куугунтук жеп, ошол кездеги өкмөт башчысы Сапар Исаков тарабынан кызматынан бошотулуп, чет мамлекетке куугунтукталып кеткен. Бул жерде дагы бир күдүк ой туулат? Кантип эле үй-бүлө мүчөлөрү ортосундагы чатак Матраимов сыяктуу Бажы кызматынын орун басарын кызматынан алып, куугунтукка дуушар кылсын. Бул жерде Матраимовго болгон ич күйдүүлүк, ал орун басар келгени Торугарт жана Эркештам Бажыларында мурунку коррупциялык схемалардын жоюлушу, ар бир өткөн фуралардан тиешелүү үлүштөрүн өз капчыктарына төлөтүп, мамлекеттик бюджетке түшүрүүгө кызыкпай, Акаевдин заманынан бери акчага кекиртектен тойгон көпөстөр менен буржуйлардын тынымсыз ушактары, башкысы ичи таардык анын кызматынан кетишине себеп болгон. Ушундай жагдайдан улам мурунку бийликтин Бажыдан ала турган “доляларынын” саны кыскарып калгандыр?  Ошол үчүн Раим Матраимовдон кемчилик издеп жүргөндүр?

2017-жылдын сентябрь, октябрь айларында гана Бажы кызматы алдыга коюлган пландарды аткара ала алган эмес. Мунун Раим Матраимовго тиешеси деле жок. Анткени, экономикалык тараптан союздашыбыз ЕврАзЭС, анын ичинде Орусия, Казакстан, Белорус, Армения. Кыргызстан менен бул мамлекеттер менен түзүлгөн келишим боюнча дээрлик экономикабызды көтөрө турган товарлар ушул жактан келет. Албетте, алар Бажы аркылуу өткөндүктөн Бажы боюнча төлөмдөрдү көбөйтөт. 2017-жылдын сентябрь, октябрь айларында ошол кездеги Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин ортосунда болгон субьективдүү карама-каршылык  чек аралардын жабылышына алып келип, бюджетибизге  чоң жоготууларды  алып келген.

Раим Матраимов сот тарабынан акталган

Матраимовдун куугунтукталышы мыйзам ченелүү каралып, кызматынан туура эмес кеткенин сот далилдеген. Бул негедир кээ бирөөлөргө жаккан эмес, ошондуктан Матраимовдун үстүнөн жамандык издөө модага айланган. Раим Матраимов, Улукбек Ормонов сыяктуу көптөгөн кыргыздар аталарынын көзү өткөн күндөрү элге куран окутуп, улуттук оюн өткөзүп бата алып келатышат. Бул жакшы көрүнүш, ал эмес учурунда президент Атамбаев да колдоп, өзү бара албаса да Темир Сариев сыяктуу өкмөт башчыларын салам дубайы менен жөнөтүп турчу. “Кара пиар” калкып чыктыбы, быйыл Раим Матраимовдун атасына куран окутканын жамандык сыяктуу кабарлашкан “биттер” быжырап кетишти. Шамал кайсы жактан согуп жатканын түшүнгөн Раим Матраимов ар кимден өөн таап көнүп калган Атамбаевге Кайрылуу жасайт. Ушул Кайрылууга удаа эле Фарид Ниязов күйөө баласы менен жашыруун тейлеп турган “Азаттык” үн алгысы жалган маалыматтар менен козголот. Алар көрсөткөн тасмадан кийин “5 канал” чыгып чындыктын бетин ачып келатат. Бир беттешүүдө өз жазганын өзү танса, экинчисине Али Токтакунов келген жок. Ал ага чейин өзүнүн социалдык баракчасына “Райымбек Матраимов түз эфирге келсе ага суроо берүү үчүн барамын” деген пикирин жазып чыкты.

Кызык, арамзачылыктын алиппесин терең өздөштүрүп алган Али Токтакунов “Азаттыктын”  чындыкты чындыктай айткан маркум кесиптешибиз Улан Эгизбаевге “калпы” менен теңелгиси келип жатабы? Же арамзачылыктын алиппесин үйрөндүм эми “академигине” жетем деп максат кылып алганбы? Биринчиден, өзү жазган материалдарды мен антип айткан эмесмин деп жокко чыгарып жатат. Экинчиден, жок нерсени бар кылып, чымынды төө кылып жатат, анан ушундай калпычы журналистке Раим Матраимовдун барып “отчет” беришин коомчулук кандай түшүнөт? Мындай буюртма менен иштеген Али Токтакунов сыяктуу кара өзгөй, жалганчы журналисттер маалымат майданын ылайлап булгабай, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн кам көргөн журналисттерге ордун бошотуп берет деп ишенебиз!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 21, 2019 10:39

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина