«Манчестер Юнайтед» ПСЖны жеңип, чемпиондор лигасынын 1/4 финалына чыкты

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 7, 2019 15:10

«Манчестер Юнайтед» ПСЖны жеңип, чемпиондор лигасынын 1/4 финалына чыкты

21 Кечээ футбол боюнча УЕФА чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык оюндарынын жооптук беттеши болду.
Англиялык «Манчестер Юнайтед» Парижде ПСЖ клубун 3:1 эсеби менен жеңип, Чемпиондор лигасынын ¼ финалына чыкты. Биринчи оюнда «МЮ» өз талаасында 0:2 эсебинде утулуп калган болчу.
Ал эми португалиялык «Порту» италиялык «Рома» клубун өз талаасында 3:1 эсеби менен жеңип алды. Биринчи оюнда «Рома» 2:1 эсебинде жеңишке жеткен эле.
Эске салсак, Чемпиондор лигасынын ¼ финалына англиялык «Тоттенхэм» менен Нидерланддык «Аякс» чыккан.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 7, 2019 15:10

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина