Манас айылында өспүрүмдөр арасында жолугушуу болду

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 21, 2019 11:19

Манас айылында  өспүрүмдөр арасында жолугушуу болду

12 2019-жылдын 17-июль күнү Сокулук районунун Манас айылындагы маданият үйүндө жаш өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды, топтошуп урушкан окуяларды алдын алуу максатында жолугушуу болуп өттү.

Аталган иш-чарага Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Сокулук районунун ИИБнүн жетекчилиги, Чүй облусу боюнча жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери, облустук жана райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, сот аксакалдары, Ат-Башы, Фрунзе, Ак-Жол, Комсомол, Раздольный айылынын жашоочулары,  ошондой эле Сокулук районундагы орто мектептердин ата-энелер комитеттери катышышты.

Учурда көйгөйлүү маселелердин бири өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды, топтошуп урушуу сыяктуу терс көрүнүштөрдү ошондой эле жаш балдар арасында жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында талкуу болду. Жолугушуунун катышуучулары ыктыярдуу элдик кошуундардын, айыл активдеринин, жергиликтүү ата-энелердин ошондой эле укук коргоо органдарынын катышуусунда түнкүсүн көчөдө жүргөн өспүрүмдөргө көзөмөлдүк кылуу зарыл деген пикирлер айтылып, ата-энелердин балдарга көзөмөлдүгүн күчөтүү учурдун талабы экендиги кошумчаланды.

Жолугушуунун аягында балдар арасындагы терс көрүнүштөрдүн жүз беришине көзөмөлдүктүн жетишсиздиги себеп болуп жаткандыктан, биргелешип өспүрүмдөр менен иш-алып барууну колго алып, түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүнү күчөтүү керектиги боюнча макулдашылды.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 21, 2019 11:19

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина