Мамлекет башчы иш сапары менен Токмок шаарында болду

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 29, 2017 10:30

Мамлекет башчы иш сапары менен Токмок шаарында болду

30502 29 сентябрь, Бмшкек. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев 26-сентябрда Токмок шаарындагы №6 орто мектептин, имараттын, окуу бөлмөлөрүнүн, спорт залынын абалы менен таанышып милиция кызматкерлери үчүн  жаңы салынган көп кабаттуу үйдүн ачылыш салтанатына катышып, ачкычын тапшырды.

Токмок шаарынын так ортосунда орун алган №6 орто мектептин имаратын, окуу бөлмөлөрүн, спорт залынын абалы менен таанышып өттү. Бул иш сапарда аны Билим жана илим министри Г.Кудайбердиева, Ички иштер министри У.Исраилов, Финансы министри А.Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси М.Абулгазиев жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Кудайбергенов жандап жүрүштү.

Мамлекет башчы Билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиевага «Мектепти жаңы окуу жылы баштала электе капиталдык ремонттон өткөзүү иш-чараларын жүргүзгөнгө аракеттерди  жумшасаңар болмок, буга шарттын баары бар» дегенде, Г.Кудайбердиева «Азыркы мезгилде республикалык бюджетке  мектеп капиталдык ремонттон өткөзүү иш мерчимине кирген соң,  министрлик тарабынан мамлекеттик сатып алуу порталына жарыя берилип, жакынкы күндөрү тендерден утуп чыккан компания курулуш иштерин баштайт» деп маалымат берди. Президент А.Атамбаев курулуш иштерин тездетип, окуу жылдын аягына чейин бүткөрүлүшүн талап кылды.

Президент А. Атамбаев милиция кызматкерлери үчүн жаңы курулган көп кабаттуу үйдүн ачылышындасүйлөгөн сөзүндө. акыркы 7 жылдын ичинде милициянын калк арасында кадыры өсүп, мамлекет кызматкерлер турак-жай менен камсыз кылып, айлык акыларын көтөрүп, социалдык жактан жакшы шарттарды түзгөнгө аракеттерди жасап келүүдө. Мамлекет  милиция кызматкерлерин камкордукка алуу жана социалдык жактан камсыздоо иштерин улантат деген оюн билдирди. Иш-чаранын соңунда өлкө башчы балдар аянтчасын курууга 300 000 сомго сертификат берди.

 

Жибек ШАРШЕНБИЕВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 29, 2017 10:30

Парламент

Элдик медицина