Мал уурдаган шылуундар

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 6, 2017 11:36

Мал уурдаган шылуундар

image209654778 6 февраль, Бишкек. 2017-жылдын 24-январь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен Биринчи Май айылынын 54 жаштагы жашоочусу У.Л. аттуу жаран кайрылган. Себеби, 23-январдан 24-январга караган түнү белгисиз адамдар арыз ээсинин сарайынан 2 кой, 2 козусун уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым болжол менен 22 миң сомду түзгөн. Бул окуя боюнча Сокулук районунун ИИБнүн тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) боюнча Кылмыш иши козголгон. Сокулук районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, жергиликтүү 23 жаштагы Т.К. аттуу жаран кармалып, Сокулук районунун ИИБнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 6, 2017 11:36

Парламент

Элдик медицина