Макмал алтын өндүрүүчү фабриканын аймагында кырдаалды талкуулоо боюнча жолугушуу өттү

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 22, 2018 23:32

Макмал алтын өндүрүүчү фабриканын аймагында кырдаалды талкуулоо боюнча жолугушуу өттү

ALI_6211 Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов 22-майда, «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар 2018-жылдын 11-апрелинде Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын алтын өндүрүүчү фабрикасынын аймагында болгон өрттөө окуяларын талкуулашты. Компаниянын жетекчилигинин маалыматы боюнча, болжолдуу зыяндын суммасы 2,3 млн АКШ доллары

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов окуяны тергөөнүн жыйынтыктарын күтүп, башаламандыктардын уюштуруучуларын аныктоо зарылдыгын баса көрсөттү.

«Жергиликтүү бийлик органдары жана укук коргоо органдары тоо кен иштетүү компаниялары менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы карама-каршылыктардын алдын алуу үчүн чараларды көрүү менен иштөөсү маанилүү», — деди ал.

Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чет элдик инвесторлорго жана тоо кен иштетүү тармагын өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

«Чет элдик инвесторлор менен натыйжалуу кызматташуу биз үчүн принципиалдуу мааниге ээ. 11-апрелде болгон жагдайды тергөө маселеси менин жеке көзөмөлүмдө турат. Бул маселе боюнча бардык аракеттер тек гана мыйзамдын алкагында жүрүшү керектигин баса белгилейм», — деди вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын өкүлдөрү мындан ары да Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартууга ниеттенишерин билдиришти.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 22, 2018 23:32

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина