Маевка айылында үйлөр жана автоунаалар өрттөлдү

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 17, 2017 13:40

Маевка айылында үйлөр жана автоунаалар өрттөлдү

1 Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында 16-октябрда түн ичинде белгисиз адамдар үйлөрдү жана көчөдөгү автоунааларды өрттөп кеткен.

ӨКМдин берген маалыматы боюнча, Чүй облусу боюнча өткөн суткада 7 өрт кырсыгы катталган. Анын ичинен экөөсү Маевка айылында болгон.

Маалыматка караганда, Жаш Гвардия көчөсү № 251 дарегинде чыккан өрттөн 35 м2 турак үйдүн дубалындагы пластикалык жабуу, 3 эшик, 2 терезе күйгөн. Кырсык тууралуу маалымат Өрт өчүрүү кызматына түнкү саат 00:09да келип түшкөн. Өрт 01:10де өчүрүлгөн. Каза болгондор жана жабыркагандар жок. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле, ушул түнү Сельская көчөсү № 35 дарегинде турак үйдүн жанында токтотулган “Фиат” үлгүсүндөгү мамлекеттик номерлүү автоунаа толук жана «Тойота-Калдина» үлгүсүндөгү автоунаа жарым жартылай күйүп кеткен. Бул маалымат  «101» номерине түнкү саат 02:23тө түшкөн. Өрт 03:08тө өчүрүлгөн. Жабыркагандар болгон эмес. Кырсыктын себептери такталып жаткандыгын ӨКМден билдиришти.

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 17, 2017 13:40

Парламент

Элдик медицина