Маданият министри Султан Жумагулов көз жумду

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 8, 2018 15:26

Маданият министри Султан Жумагулов көз жумду

6 Бүгүн, 8-октябрда түнү маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов узакка созулган оорудан кийин каза болду. Султан Жумагулов 60 жашта болчу (паспорт боюнча 59 жаш). Ал 1959-жылы 1-мартта төрөлгөн.

Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин окуп бүтүргөн. Эмгек жолун 1981-жылы республикалык «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы болуп иштөө менен баштаган. 1991-жылдан баштап 1993-жылга чейин «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп эмгектенген.

Ал эми 2009-жылы Президенттин катчылыгынын эксперттик-аналитикалык камсыздоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.

2013-жылы ноябрь айында «ЭлТР» коомдук телеканалынын директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2014-жылы 24-июлда КТРКнын байкоочу кеңешинин башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп шайланган.

С.Жумагулов 2017-жылы 3-ноябрда маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган. Ушул жылдын 20-апрелинде өкмөттүн жаңы курамы бекитилгенден кийин президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен маданият, маалымат жана туризм министри болгон.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Султан Жумагуловдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып кайгысын тең бөлүшөт…

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 8, 2018 15:26

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина