Маалыматтык коопсуздук боюнча стратегия иштелип чыкты

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 3, 2018 16:28

Маалыматтык коопсуздук боюнча стратегия иштелип чыкты

5 Кыргызстанда маалыматтык коопсуздукту камсыз кыла турган алгылыктуу бир программа жок. Мындан улам өкмөт коопсуздукту сактоо стратегиясын иштеп жатат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаттары кабардар болушуп, алар социалдык тармактарда туура эмес маалымат тараткандарга көзөмөл органдары кандай чара көрүп жатканына кызыгышты.

30-ноябрда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясы өкмөттүн маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты укту. Жыйында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков маалыматтык коопсуздуктун сакталышына канааттанбай жатканын айтты.

-Бул маселе толук кандуу камсыз болбогондуктан коопсуздукту сактоо стратегиясы иштелип жатат.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө Кыргызстанда маалыматтык коопсуздук концепциясы, Кибер коопсуздук боюнча стратегия иштелип чыгып, мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өтүүдө. Бул маселелерге байланыштуу тиешелүү мыйзамдарга дагы түзөтүүлөр киргизилмекчи.

Жыйын жүрүшүндө фракция депутаттары негизинен эл аралык белгилүү социалдык түйүндөрдүн өлкөгө болгон таасиринен коргонуу жаатында эмне чаралар көрүлүп жаткандыгына кызыгышты. Ошону менен бирге Кыргызстандын маалыматтык коопсуздугу концепция деңгээлинде эмес, улуттук доктрина болушу керектигин баса белгиледи. Эгер кандайдыр интернет сайтты, баракчаны же аккаунтту жабуу боюнча соттун чечими чыкса, аны дароо жабууга техникалык мүмкүнчүлүк жоктугу айтылды.

Бирок ошол сайт же аккаунт боюнча соттун чечими тиркелип, фейсбук же башка тиешелүү социалдык түйүндүн борборлоруна кат жөнөтүлүп, иш жөнгө салынаары белгилүү болду.

Депутат Аалы Карашев маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча концепция, стратегия жана башка документтерди даярдоо кечигип жатат деп сындады.

-Негизи мамлекет тарабынан маалымат коопсуздугуна программалык көзөмөл жок.

Ошону менен бирге депутаттар демократия деп отуруп, интернет айдыңына адеп-ахлакка туура келбеген фото жана видео материалдар байма-бай жүктөлүп, алар билинбеген менен жаштардын жүрүм-турумуна терс таасирин тийгизип жаткандыгын айтышты. Буга өкмөт өкүлдөрүн кеч болуп кете электе тийиштүү чараларды көрүүгө чакырды.

Депутат Ирина Карамушкина социалдык түйүндөрдөгү топторду текшерүү зарылдыгын айтты.

— Фейсбукта «Компромат» баракчасында экстремизмге чакырык таштаган маалыматтар жарыяланат. Эмнеге тийиштүү чаралар көрүлбөйт?

УКМКнын төрага орун басары Асылбек Кожобеков туура эмес маалыматтар жарыяланганда чара көрүлүп жатканын билдирди. Анын маалыматында, быйыл террорчулукка үгүттөгөн делген 24 интернет-сайт, социалдык түйүндөгү 5 баракча жабылды.

-Сайттарды жабуу боюнча 8 соттук чечим кабыл алынган. 24 Фейсбукта 5 аккаунт, Твиттерден 27 аккаунт, ютубда 19 канал жаблыгна. УКМК террорчулукка жана экстремизмге үгүттөгөн социалдык тармактагы баракчаларды жабууга техникалык мүмкүнчүлүк жоктугунан өз алдынча жаап сала албайт. Мындан улам сайттардын администрациясына расмий каттар жөнөтүлөт.

Фракция лидери Иса Өмүркулов өлкөгө интернет келгенден тартып, анын терс таасирлерине каршы аракет көрүлбөй келе жаткандыгын айтып, тышкы социалдык түйүндөрдүн таасири боюнча эмне чара көрүлөт деген маселени көтөрдү.

-Бүгүнкү күндө тышкы социалдык түйүндөр балдардын аң-сезимине чейин таасир этип жатат. Өлкөдө маалымат айдыңы кароосуз калды. Буга өтө олуттуу мамиле кылуу керек. Окумуштууларыбызды илимий жактан көмөктөшүүгө тартуу, тиешелүү кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү, теле-радио аркылуу каршы аракеттерди көрүү, заманбап жабдууларды сатып алуу, өнөктөш өлкөлөр менен бул жаатта кызматташуу сыяктуу комплекстүү чаралар көрүлүшү кажет.

Жыйынтыгында өкмөттүн маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында ишмердүүлүгү жетишерлик эмес деп бааланды. Фракция жыйынында айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен 3 айдан кийин жогоруда аталган концепция, стратегиялар боюнча өкмөт кайрадан маалымат берет.

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 3, 2018 16:28

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина