М. Абылгазиев: «Бийликтин бардык бутагына коомдук көзөмөлдү күчөтүү керек»

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 31, 2018 13:56

М. Абылгазиев: «Бийликтин бардык бутагына коомдук көзөмөлдү күчөтүү керек»

ачык окмот Премьер-министр Абылгазиев жакынкы айларда коомчулук ачык өкмөттү ишке ашыруунун жыйынтыктарын көрө баштайт деп убада берди.

Өкмөт учурда Кыргызстан аймакта биринчи болуп Open Government Partnership уюмуна өнөктөш болгонуна сыймыктанып турат. Уюмдун максаты өкмөттү ачык, таза иштөөгө түртүү жана жарандык коомду коррупцияга каршы күрөшкө тартуу.

Ачык өкмөт — өлкөдөгү маанилүү маалыматтардын, укуктук-ченемдик актылардын, бюджеттин ачыктыгын түшүндүрөт.

Ага ылайык өлкөгө келген насыялар жана гранттар, шайлоого кеткен чыгымдар, жада калса мурда жашыруун болуп келген архивдик материалдар жана башка ар бир кызыккан адам үчүн ачык болууга тийиш.

Салтанатта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев анда бийликтин бардык бутагына коомдук көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледи.

Орто Азия боюнча Кыргызстанда жарандык коом күчтүү. Эгемендик жылдары эки революцияны баштан кечирди. Бул процесс элдин бийликке болгон көзөмөлүн күчөттү. Анткен менен дүйнөлүк масштабдан алып караганда, Кыргыз өкмөтүнүн ачыктыгы Африканын жакыр өлкөлөрү менен бирдей деңгээлде.

​            Америкалык World Justice Project долбоору 2015-жылы 102 мамлекеттин өкмөтүнүн ачыктыгын баалаган. Аналитиктер төрт критерийдин негизинде: мыйзамдарды жана маалыматтарды жарыялоо, маалымат алууга болгон укук, жарандык коомдун көзөмөлү жана жарандардын арыз-дооматына көңүл буруу боюнча рейтингин жарыялаган. Кыргызстан анда 64-орунду ээлеп, тизмеде Танзания, Гондурас, Орусия жана Таиланд менен бир катарда турган.

Авторлордун пикиринде Кыргызстанда арыздар менен иштөө механизмдери өнүгө элек. Бул жаатта 80-орунду ээлесе, маалымат алуу укугу боюнча алдыга жылып, 43-орунга чыккан. Ошол эле маалда 2018-жылы “Чек арасыз репортерлор” укук коргоо уюмунун сөз эркиндигин баалаган рейтингинде Кыргызстан 98-орундан 180-орунга түшүп калган. Республика 29 гана балл алып, Орусия, Парагвай, Мексика, Лаос, Гондурас жана Доминикан Республикасынын катарына кошулган.

Кыргыз бийлиги учурда ачык өкмөт паракорчулукка каршы күрөштө жарандык коомдун жардамын күчөтөт деп үмүт артып турат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 31, 2018 13:56

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина