Ленин айылында мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу материалдар сатылып жаткан үйлөр табылды

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 15, 2019 10:53

Ленин айылында мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу материалдар сатылып жаткан үйлөр табылды

11 Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнө “А.М.” деген жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган, ал адамдар мамлекеттик чек аранын “Ак-Жол унаа жолу” контролдук-өткөрмө пункту (КӨП) аркылуу өздөрүнүн “Мицубиси Паджеро” унаасынын багына күйүүчү-майлоочу материалдарды күн сайын ташып, МАИнин постунан алыс эмес жерде кампага сакташкан. Кампадан КММны мыйзамсыз сатып турушкан. Аталган унаа бир күндө 10го жакын жолу каттаган, унаанын заводдук багы болжол менен  100 литрди түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган. Андан кийин, сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруунун алкагында аталган унаа айып короосуна киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну ишке киргизүүгө болгон чечимин аткаруу учурунда, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө  аталган унаа “Ак-Жол” мамлекеттик чек арадан өткөндөн кийин, Аламүдүн району, Ленин айылы дареги боюнча  посттон болжол менен 500-700 метр аралыкта жайгашкан үйлөрдө КММны кампага сакташкандыгы аныкталган.

Буларды эске алып, КММны, насосторду, чоң идиштерди, канистраларды жана башка бул сотко чейинки өндүрүшкө маанилүү болгон предметтерди табуу максатында, КММнын иш жүзүндө кампага сакталган жерин тинтүү зарылчылыгы пайда болгон.

2019-жылдын 29-октябрында Аламүдүн райондук сотунун токтомунун негизинде аныкталган даректер боюнча короолордо тинтүү иштери жүргүзүлдү, ал жерден КММны сактоо жана ташуу үчүн чоң идиштер, электрондук насостор, ар түрдүү көлөмдөгү идиштер, шлангилер жана башка керектүү шаймандар табылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 15, 2019 10:53

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина