Өлүм жыттанган «Көк кит»

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 8, 2018 00:53

Өлүм жыттанган «Көк кит»

11 Акыркы мезгилдерде өспүрүмдөрдү, жаштарды өлүмгө жетелеген «Көк кит» оюну кеңири кулач жайып баратат. Бул оюнду тараткандар башкаларды ажалга такап, өлгөндөрдүн эсебинен өздөрүнө күч-кубат топтогон, уяты жоктор экен. «Көк китти» же «Тынч үйдү» ойногондор кандай өздөрүн алардын тузагына түшүп, кантип өз жандарын өздөрү кыйып жатканын да түшүнбөй калышат. Ошондуктан бул оюндардын зыяндуулугун жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүшүбүз парзыбыз.

 «Көк кит» көк асман менен коштошуунун башаты экен

«Көк кит» оюну социалдык тармактар аркылуу тарап жаткан оюн. Көбүнчө бул «ВКонтакте» аркылуу тарап жатат. Албетте, мындай оюнга тыюу салгандыктан түз эле блокировкага кетет. Мунун мааниси мындай оюнга кирген адам өзүнүн ой-пикири аркылуу «Көк кит» оюнуна кирет.  «Көк киттин» координаторлору  аны так мурдунан жетелеп алышып, оюнду башташат. «Көк кит» оюнунун биринчи тапшырмасы жепжеңил эле, аны азгырыш үчүн болсо керек, колго киттин түзүлүшүн тартуу керек деп буюрат. Ошентип отуруп курмандыкка чалына турган адам 50 ар кандай буйрукту аткарыш керек. Булардын эң коркунучтуусу да, эң жийиркеничтүүсү да  «Көк киттин» эң акыркы буйругу, ал жаш балдарга өз жаныңды өзүң кый деп буйрук берет. «Көк кит» көк асман менен коштошуунун башаты экен.

Ата- энелер балдарына «Көк киттен» алыс болушун эскертиш керек

«Көк кит» оюнун ойногондор бирден гана эмес,топ-тобу менен өз жандарын кыйып жатышат. Статистикага кайрылсак 2017-жылы  720 балдар өз жандарын өздөрү кыйышкан. «Көк киттин» зыяндуулугун ата-энелер билиш керек. Алар балдарынын эмне ойноп жатканына кызыкдар болушу зарыл. Ата- энелер балдарына «Көк киттен» алыс болушун эскертиш керек. Эгер балдары «Көк кит»  ойноп жатканын билишсе, тез аранын ичинде мындай жаман көрүнүштөн кутулууга тийиш.

 Курмандыкка чалына турган адам

Курмандыкка чалына турган адамга «Көк кит»: «Сени менен  эртең менен саат 4тө сүйлөшөбүз» деп жазат. Таң атып келатканда 4 тө адамдын организми эң алсыз болуп турганда будильник аркылуу ойгонгон курмандыкка чалына турган адам «Көк китке» кирет. Ал жерде мындай жазуу бар: «Мен-сенин Китиңмин,сен оюндун аягына чейин ойношуң керек. Оюн 50 күн болот. Акыркы күн оюндун аягы болот. Эгер сен өлсөң, анда утасың, эгер өлбөсөң сага жардамдашат.Оюнга кирүү менен артка жол жок. Сен даярсыңбы?».

 Оюн деп жүрүп өмүр менен кош айтышасың

Таңкы төрттө ойногусу келген, курмандыкка чалына турган адам макулдугун берет. «Көк кит» эми торуна түшкөнүн билип буйруктарын бере баштайт. Ар бир буйрукту курмандыкка чалына турган адам так аткарып, ошол буйрукту аткарганы тууралуу сүрөт же видео түрүндө маалымат берип туруш керек. Ойноп жаткан өспүрүмдүн  психикасы өзүн-өзү өлтүрүүгө багыттала баштайт. Эң акырында албетте, өзүңдү-өзү өлтүр деген буйрук келет. Курмандыкка чалына турган адамдын мээси жетеленме болуп калат, эгер оюндан чыкчу болсоң, анда ата-энеңди же жакындарыңды жок кылабыз деп «Көк киттен» эскертүү да беришет.

 «Көк кит» маньяктарына жем болбо

Курмандыкка чалына турган адамдын социалдык тармактагы толук эмес дарегине таянган  «Көк кит» маньяктарына жем боло тургандар бул оюндан чыгып кете албай калышат. Виртуалдуу киши өлтүргүчтөрдүн торуна кабылган өспүрүмдөр алардын буйругу менен ажалды көздөй жетеленип кете беришет.

 Эмнеге балдарды өлтүрүүдөн рахат алышат?

Бул оюнду уюштургандар кармалып жазасын алып жатышат. Булардын киши өлтүргүч маньяктардан айырмасы жок.Булар эмне максат менен өспүрүмдөрдү өлтүрүп жатат белгисиз. Мисалы, Баңгизат саткандар менен уурулар акчага тунушат. Буларга болсо түз келе турган акча жок. Эмнеге балдарды өлтүрүүдөн рахат алышат? Эмне үчүн өспүрүмдөрдү өлтүргүсү келет? Учурда «Көк китке» окшогон «Тынч үй» жана башка оюндар социалдык тармактарда түз эле жок кылынат. Таң калычтуусу эмнеге өспүрүмдөрдүн өлүмүнөн рахат алыш үчүн мындай оюндарды уюштуруп жатат?

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 8, 2018 00:53

Парламент

Элдик медицина