Кытайдагы ШКУ марафонунда жеңил атлет Дарья Маслова коло тагынды

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 3, 2018 16:45

Кытайдагы ШКУ марафонунда жеңил атлет Дарья Маслова коло тагынды

11 Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова Кытайда Шанхай кызматташтык уюмунун III эл аралык марафонунда коло медаль тагынды. Бул тууралуу эл аралык уюмдун сайтында айтылат.

Спорттук таймаш Юньнань провинциясынын административдик борбору Куньминде өттү. Ата мекендик атлет толук марафондук дистанцияга чуркады – 42195 чакырым.

Биринчи орунду эфиопиялык Гетисо Цэхай Гебрэ алса (2 саат 35 мүнөт), экинчини кениялык Рода Тануи (2 саат 39 мүнөт, 57 секунд) багындырды. Ал эми үчүнчү келген Маслова аралыкты 2 саат 40 мүнөттө чуркап өттү.

“Быйылкы марафонго Кения менен Эфиопия катышарын күткөн эмесмин, ШКУ мамлекеттеринин гана спортчулары катышат деп ойлогом. Жарыш абдан оор болду. Ошентсе да көрсөткүчүмө абдан кубанычтамын”, — деп Маслова ТАСС агенттигинин кабарчысына билдирген.

Жарышка жалпысынан 51 мамлекеттен 20 миң жеңил атлет катышкан.

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 3, 2018 16:45

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина