Кырсыкты алдын алуу сиздин да колдо…

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 25, 2019 10:54

Кырсыкты алдын алуу сиздин да колдо…

14 -Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей, күтүүсүз кырсыктар жашообузда күн сайын кайталанып турат. Адам үрөйүн учуруп, адам өмүрүн алып кеткен кырсыкты да алдын алууга болорун, ал үчүн ар бир жаран өзүнүн жашоосунда кайдыгерлик кылбай, жасаган ишин шалаакылык менен эмес тактык менен аткарып , жоопкерчиликтүү болсо деген тилектебиз. Кандай кырдаал болбосун адам өмүрүн сактап, өлкөнүн тынчтыгына салымын кошуп келген ӨКМнин кызматкерлеринин эмгеги зор. Күн-түн күзөттө туруп, 112ге түшкөн ар бир билдирүүнү калтырбай алып, калкты тынчтык менен камсыз кылган мекен азаматтарынын алгылыктуу иштери тууралуу кеп болмокчу.  ӨКМнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Дайырбек Каримов менен маегибизге көйгөйлүү маселеден тартып  жарандарга чейинки кеп-кеңештер болмокчу.

- Дайырбек Абдурасулович, күтүүсүз кырсыктардын катарын катуу шамал да толуктайт эмеспи, өткөндөгү шамалдан улам Чүй жергесинде жабыр тарткандар барбы? Аларга кандай жардамдар көрсөтүлдү?

— Өткөндөгү катуу шамал Чүй аймагындагы жашоочуларга кесепетин тийгизбей койгон жок. Ысык-Ата, Кемин райондорунда жана Токмок шаарында катуу шамалдан улам бир топ   социалдык объектилердин жана турак үйлөрдүн, чарбалардын курулуштарынын чатырларын алып кетти. Бактар жыгылып,  турак үйлөрдү басып калган учурлар катталды. Ал жерлерде төртүнчү баскычтагы өзгөчө кырдаал киргизилген. Азыркы учурда жергиликтүү бийликтин жана жашоочулар тарабынан чатырларды  калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми жыгылган бак-дарактар боюнча атайын тиешелүү кызматтарга тапшырма берилип, тез аранын ичинде кооптуу делген дарактарды кыйып жок кылышууда. Шамал чатырларын алып кеткен объектилердин арасында бала бакчалар да бар. Алардын арасында жаңы чатырлагандардын чатырчасын алып кеткендер да бар. Азыр ошол мекемелердин чатырлары качан оңдолгону, ким тарабынан курулгандыгы жана чатырчаны курууда  тендер болгондугу такталууда. Тапшырыкты алгандар курулуш нормаларына туура эмес курган болсо кайрадан калыбына келтирсин деген тапшырмалар берилди. Мындан сырткары Токмок шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн чатырчалары да катуу шамалдан улам жабыр тарткан. Буга чейин бул үйлөрдүн чатыры тол менен түз жабылып келсе ашар жолу менен жашоочулар  шифер менен чатырлашкан. Мына ушундай жолдор менен жабылып нормага туура келбеген чатырлардын басымдуу бөлүгүн шамал учуруп кеткен. Өткөндөгү катуу шамал болжол менен жалпы облус боюнча 988 млн. сомдук материалдык чыгымга учуратты.

- Акыркы кезде кандай кырсык болбосун аны токтотуу жоопкерчилиги сиздерге өткөрүлдү. Дегеле кырсыктын чыгымын азайтып, адам өмүрүн арачалап калууга сиздердин техникалык каражаттар жетиштүүбү?

— Албетте кандай кырдаалда болбосун аны токтотууга техникалык каражаттарыбыз  жетиштүү. Бир гана баса белгилеп кетүүчү нерсе, алардын сапаты жагына көңүл буруш керек болуп турат. Мисалга алсам, өрт өчүрүүчү автоунаалар өрт чыккан объектиге суу менен барып, экинчи жолу суу толтурууга келгенде көйгөйлөр жаралып калууда. Биздин куткаруучулар суу издеп тапканча басылып калган өрт күчөп жатпайбы.  Мурда шаар же айыл курулуп жатканда анын генпланында өрткө каршы суу гидранттары курулчу. Азырчы учурда алардын басымдуу бөлүгү иштебейт. Кээ бир жаңы турак-жай же жаңы конуштарда таптакыр жок. Ал эми сел боюнча иштерге көңүл бурсак, биздин министрликте үч багытта жумуш алып барабыз. Биринчиси, капиталдык курулуштар жумуштары: көпүрө куруу же суу жээктерине дамбаларды куруу болуп саналат. Бул жерде атайын тендер сатып алуу жана кызмат көргөзүү жумуштар жүргүзүлөт. Экинчиси, турган объектилерге коркунуч келтирилсе авариялык калыбына келген жумуштары аткарылат. Андан кийин атайын алдын алуу кесепеттерди жоюу жумуштары. Мисалга алсак, сел өтүүчү сайлардын нуктарын тазалоо, жээктерин бекемдөө.

- Окутуу иштери боюнча кайрылып кетсеңиз…

— Бизде окутуу иштери тынымсыз жүргүзүлүп турат. Биздин кызматкерлер тынымсыз даярдыкта жүрүшөт. Ошондой эле атайы кызматкерлерибиз бала бакча, мектеп, коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин өткөрүп турушат. Ал эми өзүбүздүн адистерге токтоло кетсем, биздин жарандык коргоо боюнча бекитилген атайын мерчемибиз бар. Ошонун ичинде ар айда курамды окутуп турабыз. Ар бир курамды окутуу менен бизде жыл бою окутуу иштери болуп турат.

- Куткаруучу болууну каалаган жаш өспүрүмдөрдүн саны арбын, аларга кандай талаптар коюлат?

— Бизге кызмат өтөйм деген жарандардын кайсы кызматка каалоосу бар жана ылайык экенин тактап билебиз. Себеби, бизде суучул, өрт өчүрүүчү жана башка бир топ тармактар бар. Ошол себептен келген адам өз тармагын так билиши керек. Ал эми бизге кызмат өтөйм деген жаштарга айтарым, биздин мекемебиз аскерлештирилгендиктен аскердик уставдардын негизинде иштер жүргүзүлөт. Жумушка келген атуул үч жылдык келишим менен кирет. Ушул жылдар аралыгында келишимдин ичиндеги нормаларды так аткарса, демек адис өз жумушун алып кетти деп эсептелинет. Эгерде келишимдеги талаптар учурунда аткарылбаса же кемчиликтер кетсе  мыйзамда көргөзүлгөн жазаларын алып, жумуштан бошоп кетишет.

- Акыркы кездерде көп кабаттуу бийик үйлөр тез салынып жатат. Бул бир гана Бишкек шаарында эмес Аламүдүн райондорунда да башталууда, ушул үйлөрдүн чатырынан же жогорку кабатынан өрт чыкса сиздер өчүрүүгө даярсыздарбы?

— Мындай көп кабаттуу бийик үйлөр курулуудан мурун алгач долбоордо өрт коопсуздугун сактоону да карап жатабыз. Алардын долбоорунда үйдү айланып өчүрө тургандай тегерек аянтча жана гидранттар кошо болушу шарт. Долбоор макулдашылып бүткөндөн кийин курулат. Мыйзамдагы тизмеленген нерселердин баарын сактап курган үйлөрдөн чыккан өрттү өчүрүүгө биздин техникаларыбыз жетиштүү.

Дамира СААЛИЕВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 25, 2019 10:54

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина